Ар бир жакшылык – садака

Ар бир жакшылык – садака

Жабир бин Абдуллах (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Ар бир жакшылык – садака».

[Сахих (ишенимдүү)] [Бухари Жаабирдин айтканынан, Муслим болсо Хузайфанын айтканынан жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) башкалар үчүн жасалган ар бир жакшылык жана пайда, мейли ал сөз түрүндө болсун же иш жүзүндө болсун, ал садака болорун жана анда сооп жана сыйлык бар экенин кабар берип жатат.

فوائد الحديث

Садака адамдын акчасынан берген нерсе менен эле чектелбейт. Анын кылган же айткан жана башкаларга жеткирген ар бир жакшылыгын да камтыйт.

Ал хадисте жакшылык кылууга жана башкаларга пайдалуу нерселердин баарын аткарууга кызыктыруу бар.

Оңой болсо да жакшылык үчүн болгон нерсени аз санабоо керек.

التصنيفات

Жакшы иш-амалдардын артыкчылыктары