إعدادات العرض
Чындыгында, Аллах баардык нерсеге жакшылык кылууну буйруган. Ошондуктан өлтүрсөңөр жакшылап өлтүргүлө, мууздасаңар жакшылап сойгула. Силердин муздоочуңар…
Чындыгында, Аллах баардык нерсеге жакшылык кылууну буйруган. Ошондуктан өлтүрсөңөр жакшылап өлтүргүлө, мууздасаңар жакшылап сойгула. Силердин муздоочуңар бычагын курчутсун, жандыктын жанын кыйнабай чыгарсын
Шаддад бин Авс, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, ал айтты: «Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, эки нерсени жаттап алдым». Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Чындыгында, Аллах баардык нерсеге жакшылык кылууну буйруган. Ошондуктан өлтүрсөңөр жакшылап өлтүргүлө, мууздасаңар жакшылап сойгула. Силердин муздоочуңар бычагын курчутсун, жандыктын жанын кыйнабай чыгарсын».
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tagalog ئۇيغۇرچە Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் မြန်မာ Русский Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip සිංහල دری Svenska አማርኛ Čeština Fulfulde ગુજરાતી Magyar Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy Nederlands or Română Kinyarwanda Српски тоҷикӣ ไทย O‘zbek Yorùbá Moore नेपाली Oromoo Wolof Soomaali Български Українська Azərbaycan bm ქართული Македонскиالشرح
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллах Таала бизге бардык нерседе жакшылык кылууга буйруганын кабарлады. Жакшылык кылуу - бул ар дайым Аллахтын көзөмөлдөп туруусу, Ага ибадат кылуу, жакшылык кылуу жана макулуктарга зыян келтирүүдөн сактануу. Ошондой эле өлтүрүүдө да жана союуда да жакшылык кылуу. Касас өкүмүн тургузуп жаткан учурда да өлтүрүүдө жакшылык кылуу - бул өлүм жазасына тартылып жаткан адамды өлтүрүү үчүн эң оңой, эң жеңил жана тез жолду тандоо. Мал жандыкты союуда жакшылык кылуу – бул бычакты курчутуу менен малга жумшак мамиле кылуу. Малды каратып туруп анын алдында бычакты курчутпоо. Башка мал жандыктардын көз алдында мууздабоо.فوائد الحديث
Аллах Тааланын ырайымы жана Анын макулуктарына болгон боорукерлиги.
Өлтүрүүнүн жана союунун жакшылыгы – шарият көрсөткөн түрдө болуусу.
Шарияттын кемчиликсиздиги жана бардык жакшылыктарды камтышы. Мына ошол жакшылыктар жаныбарларга мээримдүүк кылууну жана аларга жумшак мамиле кылууну камтыйт.
Адамды өлтүргөндөн кийин денесин кескилөөгө тыюу салынат.
Жаныбарларды кыйнаган нерселердин бардыгына тыюу салынат.