Мусулмандын мусулманга болгон акысы бешөө. Алар: Салам берсе алик алуу, ооруса зыярат кылуу, чакырган болсо баруу, дүйнөдөн өтсө жаназасына катышуу, чүчкүрсө…

Мусулмандын мусулманга болгон акысы бешөө. Алар: Салам берсе алик алуу, ооруса зыярат кылуу, чакырган болсо баруу, дүйнөдөн өтсө жаназасына катышуу, чүчкүрсө "ярхамукаллах" деп айтуу

Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтты: Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: «Мусулмандын мусулманга болгон акысы бешөө. Алар: Салам берсе алик алуу, ооруса зыярат кылуу, чакырган болсо баруу, дүйнөдөн өтсө жаназасына катышуу, чүчкүрсө "ярхамукаллах" деп айтуу».

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, мусулмандын мусулман бир тууганына болгон кээ бир акыларын баяндап жатат. Бул акылардын биринчиси салам берген адамга алик алуу. Экинчиси: Ооруса, зыярат кылып кабар алуу. Үчүнчүсү: Дүйнөдөн өтсө, үйүнөн баштап жаназа окулчу жерге же мүрзөгө чейин узатып, көмүлгөнгө чейин туруу. Төртүнчүсү: Тойго же ушул сыяктуу мааракеге чакырса баруу. Бешинчиси: Эгерде чүчкүргөн адам «альхамдулиллах» деп айтса, ага «ярхамукаллах» деп айтуу. Андан соң чүчкүргөн адам «яхдиикумуллаху уа юслиху баалакум» деп айтат.

فوائد الحديث

Мусулмандардын бири-бирине болгон акыларын, бир тууганчылык жана сүйүүсүн бекемдөөдөгү Исламдын улуулугу.

التصنيفات

Учурашуу жана уруксат суроонун адептери, Чүчкүрүүнүн жана эсинөөнүн адептери, Оорулуудан кабар алуунун адептери