?Аллах таала үчүн дубадан артык эч нерсе жок

?Аллах таала үчүн дубадан артык эч нерсе жок

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Аллах таала үчүн дубадан артык эч нерсе жок».

[Хасан (жакшы)] [Ибн Маажа жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ибадаттарда Аллах Тааланын алдында дубадан артык эч нерсе жок экенин баяндады. Анткени Аллахка дуба кылууда Аллахтын эч кимге муктаж эместигин, пенде алсыз экенин жана пенде Аллахка муктаж экендиги билинет.

فوائد الحديث

Дуба кылуунун пазилети чоң. Кимде-ким Аллахка дуба кылса, анда ал Аллахты улуктайт, Анын муктаж эмес экенин жана муктажга дуба кылынбастыгын тастыктайт. Жана Ал Аллах Угуучу, ошондуктан дүлөйгө дуба кылынбастыгын тастыктайт. Ал Аллах Берешен, ошондуктан сараңга дуба кылынбастыгын тастыктайт. Ал Аллах Мээримдүү, ошондуктан таш-боорго дуба кылынбастыгын тастыктайт. Ал Кудуреттүү, ошондуктан алсызга дуба кылынбастыгын тастыктайт. Ал Аллах баарына жакын, ошондуктан алыстагылар укпастыгын ж.б. Аллахтын улуулугун жана Аллахтын сулуулугун сыпаттаган сыпаттарын тастыктайт.

التصنيفات

Дуба кылуунун артыкчылыктары, Дуба кылуунун артыкчылыктары