Ким түнү Бакара сүрөөсүнүн акыркы эки аятын окуса, ага жетиштүү болот

Ким түнү Бакара сүрөөсүнүн акыркы эки аятын окуса, ага жетиштүү болот

Абу Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Ким түнү Бакара сүрөөсүнүн акыркы эки аятын окуса, ага жетиштүү болот".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким Бакара сүрөөсүнүн акыркы эки аятын түндө окуса, Аллах Таала аны жамандыктан сактаарын кабарлаган. Кээ бир аалымдар: Түнкү намаздын ордуна жетиштүү болот деген. Кээ бирлери: Башка зикирлердин ордуна жетиштүү болот деген. Кээ бирлери: Аз дегенде түндө туруп Куран окуунун ордуна жарайт деген. Мындан башка да пикирлер бар. Кантсе да бул пикирлердин баары бирдей эле туура мааниде.

فوائد الحديث

Бакара сүрөөсүнүн акыркы эки аятынынын артыкчылыгы баян кылынды. Бул аяттар Аллах Тааланын: "Аамана расул..." "Элчилер ыйман келтирди..." деп башталган аятынан баштап Бакара сүрөөнүн акырына чейин.

Бакара сүрөөсүнүн акыркы аяттарын түндө окуса аны окуган адамдан жамандыкты, шайтанды айдайт.

Түн күн баткандан башталып, күндүн чыгуусу менен бүтөт.

التصنيفات

Сүрө жана аяттардын артыкчылыгы, Сүрө жана аяттардын артыкчылыгы, Эрте менен жана кечинде окулчу дубалар, Эрте менен жана кечинде окулчу дубалар