Кимде-ким ырыскысы кенен болушун кааласа, өмүрүн узун болушун кааласа, анда тууганчылык байланышын бекемдесин

Кимде-ким ырыскысы кенен болушун кааласа, өмүрүн узун болушун кааласа, анда тууганчылык байланышын бекемдесин

Анас бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде-ким ырыскысы кенен болушун кааласа, өмүрүн узун болушун кааласа, анда тууганчылык байланышын бекемдесин».

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тууганчылык байланышты зыярат кылуу менен, сый-урмат жана материалдык, ж.б.у.с сыйлыктар менен бекемдөөгө чакырып жатат. Тууганчылык байланышты бекемдөө ырыскынын мол болушуна, өмүрдүн узун болушуна себеп болот.

فوائد الحديث

Тууганчылык – бул ата менен эне тараптан болгон жакындар. Ал канчалык жакын болсо, ошончолук байланышка татыктуу болот.

Иш-аракеттин түрүнө жараша сооп-сыйлык болот же жаза болот. Ошондуктан кимде-ким тууганчылык байланышын жакшылык менен жана кайрымдуулук менен бекемдесе, анда Аллах Таала анын өмүрүн узартып, ырыскысына береке берет.

Туугандык байланышты бекемдөө – ырыскынын кеңейишине жана өмүрүнүн узун болушуна себеп болот. Ал эми ажал жана ырыскы чектелген болсо да, бирок анын ырыскысында жана өмүрүндө береке болушу мүмкүн. Ырыскысында жана өмүрүндө береке болушу – жашоосунда башкаларга караганда пайдалуу жана көп нерселерди аткаруу менен болот. Чынында ырыскысы көбөйүп, өмүрү узарат деген да сөздөр бар. Аллах Билүүчү.

التصنيفات

Жакшы иш-амалдардын артыкчылыктары