?Гыйбат эмне экенин билесиңерби?” - деди. Алар: «Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет» - дешти. Ал айтты: «Бир тууганыңды ал жактырбаган жагын айтууң» - деди. Ага:…

?Гыйбат эмне экенин билесиңерби?” - деди. Алар: «Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет» - дешти. Ал айтты: «Бир тууганыңды ал жактырбаган жагын айтууң» - деди. Ага: «Билесиңби, менин бир тууганымда менин айтканым бар болсочу?» - деп айтылганда Пайгамбар: «Эгер айтканың бар болсо, анда сен аны гыйбат кылган болосуң. Эгер болбосо, анда ага жалаа жапкан болосун» - деп айтты

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Гыйбат эмне экенин билесиңерби?” - деди. Алар: «Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет» - дешти. Ал айтты: «Бир тууганыңды ал жактырбаган жагын айтууң» - деди. Ага: «Билесиңби, менин бир тууганымда менин айтканым бар болсочу?» - деп айтылганда Пайгамбар: «Эгер айтканың бар болсо, анда сен аны гыйбат кылган болосуң. Эгер болбосо, анда ага жалаа жапкан болосун» - деп айтты.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, шариятта тыюу салынган гыйбатты мындайча түшүндүрүп жатат: Мусулмандын артынан анын жаратылышындагы же адеп-ахлагындагы жек көргөн нерсесин айтуу. Мисалы: Кылый, алдамчы, жалганчы жана ушуга окшогон жаман сыпаттарын айтуу, эгер ошол сыпаттары анда бар болсо да. Ал эми анда ал сыпат жок болсо, анда бул гыйбат кылуудан да жаман. Бул жалаа б.а. адамда жок нерсе менен жалаа жабуу.

فوائد الحديث

Пайгамбардын, саллаллаху алейхи уа салламдын, жакшы таалими. Ал суроо жолунда маселелерди айтуусу.

Сахабалардын: «Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет» - деп айтышкан сөздөрүндөгү Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менен болгон жакшы адептери.

Билбегени үчүн жооп берип жатканда: «Туурасын Аллах билет» - деп айтуу.

Алардын арасындагы укуктарды жана бир туугандыкты сактоо менен коом үчүн шариятты сактоо керек.

Кээ бир учурларда жалпы адамдардын пайдасы үчүн гыйбат кылуу арам болбойт. Мисилы: Зулумдукту кайтаруу. Зулум чеккен адам акысын алуу үчүн акысын алып бере ала турган адамга: «Мага баланча зулумдук кылды, же мага баланча ушундай кылды» - деп зулум кылган адамды айтса болот. Жана түгөй издөөдө, шериктештик иштерде же коңшулук маселеси боюнча ж.б.у.с. кеңешүү иштеринде боло берет.

التصنيفات

Сүйлөө жана жым отуруунун адептери