Үйүңөрдү мүрзөгө айлантып албагыла. Менин кабырымды кез-кезде ибадат кылуучу жай кылып албагыла. Мага салават айткыла. Чындыгында, силер кайсыл жерде болсоңорда…

Үйүңөрдү мүрзөгө айлантып албагыла. Менин кабырымды кез-кезде ибадат кылуучу жай кылып албагыла. Мага салават айткыла. Чындыгында, силер кайсыл жерде болсоңорда силердин салаватыңар мага жетип турат

Абу Хурайра (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Үйүңөрдү мүрзөгө айлантып албагыла. Менин кабырымды кез-кезде ибадат кылуучу жай кылып албагыла. Мага салават айткыла. Чындыгында, силер кайсыл жерде болсоңорда силердин салаватыңар мага жетип турат».

[Хасан (жакшы)] [Абу Дауд жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйлөрдө намаз окулбай калуудан тыйды. Үйлөрдө намаз окулбай калса, анда алар намаз окулбаган кабырлар сыяктуу болуп калат. Ошондой эле кабырын кайра-кайра зыярат кылуудан жана анын тегерегинде кез-кезде жыйналууну адат кылуудан тыйды. Анткени бул нерселер ширк кылууга жол ачат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жердин кайсыл бурчунан болбосун салават айтууга буйруду. Анткени айтылган салават алыстан же жакындан болсун, ага жетип турат. Салават айтуу үчүн Пайгамбардын кабырына баруунун зарылчылыгы жок.

فوائد الحديث

Үйлөрдө Аллахка ибадат кылбай калуудан тыйды.

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабырын зыярат кылуу үчүн сапар кылуу тыюу салынган. Анткени Пайгамбар салават айтууга буйруган жана кайсыл жерден салават айтылбасын, ага жетип турарын кабар берген. Чындыгында, пайгамбардын мечитин жана анда намаз окууну ниет кылгандыгы үчүн ал мечитке сапар кылынат.

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабырын, ошондой эле башка кабырларды өзгөчөлөп, өзгөчө бир убакыттарда кез-кези менен аларды кайра-кайра зыярат кылуу тыюу салынган.

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын алдында өтө чоң кадыр-баркка ээ болгондуктан ага бардык учурда, ар тараптан салават айтууга шариятта уруксат берилди.

Сахабалардын учурунда мүрзөдө намаз окууга бекемделип тыюу салынган. Ошондуктан Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйлөрдө намаз окулбастан мүрзө сыяктуу болуп калуудан кайтарган.

التصنيفات

Жакшы иш-амалдардын артыкчылыктары