إعدادات العرض
Эч бир жакшылыкты кем санаба, эгерде мусулман бир тууганыңа жолуксаң ага жылмаюу менен жүз көрүшүп болсо да (жакшылык кыл)
Эч бир жакшылыкты кем санаба, эгерде мусулман бир тууганыңа жолуксаң ага жылмаюу менен жүз көрүшүп болсо да (жакшылык кыл)
Абу Зар, радыяллаху анху, риваят кылат: Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мага айтты: «Эч бир жакшылыкты кем санаба, эгерде мусулман бир тууганыңа жолуксаң ага жылмаюу менен жүз көрүшүп болсо да (жакшылык кыл)».
[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் မြန်မာ Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands ئۇيغۇرچە සිංහල ไทย دری Fulfulde Magyar Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių or Română Kinyarwanda Српски O‘zbek Moore नेपाली Oromoo Wolof Soomaali Malagasy Български Українська Azərbaycan ქართული bm тоҷикӣ Македонскиالشرح
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жакшылык кылууга жана ал жакшылык аз болсо да кем санабай аткарууга үндөдү. Мисалы: Жолугушканда жылмаюу менен жүз көрүшүү. Демек, мусулман бир тууганы менен ынак болушу үчүн жана аны кубандыруу үчүн аз болсо да жакшылык кылууга кызыктырыш керек.فوائد الحديث
Ыймандуулардын арасындагы сүйүүнүн пазилети чоң. Жолугушууда жылмаюу жана кубаныч тартуулоо керек.
Бул шарият толук жана ар тараптуу. Шариятта мусулмандардын оңолуусу жана алардын сөзүн бириктирүү тууралуу бардык нерселер келген.
Аз болсо да жакшылык кылууга үндөө керек.
Мусулмандарга кубаныч тартуулоо сооптуу. Анткени бул алардын ортосундагы үлпөттүүлүктү күчөтөт.
التصنيفات
Мактоого татыктуу ахлактар