Кайсы иште жумшактык болсо, ал ишти көркүнө чыгарат. Кайсы иште жумшактык болбосо, анын көркү кетет

Кайсы иште жумшактык болсо, ал ишти көркүнө чыгарат. Кайсы иште жумшактык болбосо, анын көркү кетет

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялы Аиша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Кайсы иште жумшактык болсо, ал ишти көркүнө чыгарат. Кайсы иште жумшактык болбосо, анын көркү кетет".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сөздөгү жана иштеги кичи пейилдик, жумшактык жана шашылбоо иштин жакшы, кооз, толук болуусуна жана муктаждыктын оңой бүтүүсүнө себеп болорун айткан. Ал эми сөздө же иште жумшактыктын жоктугу ишти айыптуу жана жаман көрсөтүп, муктаждыктын оңой бүтүүсүнө тоскоол болот, бүтсө да кыйынчылык менен бүтөт.

فوائد الحديث

Жумшактыкты кулк-мүнөзгө калыптандырууга кызыктыруу.

Жумшактык адамдын көркү, ал дүйнө жана акырет иштериндеги бардык жакшылыктын себеби.

التصنيفات

Мактоого татыктуу ахлактар