Ким адамдарга ырайым кылбаса, анда Аллах Таала ага ырайым кылбайт

Ким адамдарга ырайым кылбаса, анда Аллах Таала ага ырайым кылбайт

Жарир бин Абдулла (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Ким адамдарга ырайым кылбаса, анда Аллах Таала ага ырайым кылбайт».

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарга ырайым кылбаган адамга Аллах Таала ырайым кылбай турганын баяндап жатат. Пенденин калайык калкка кылган ырайымы – Аллах Тааланын ырайымына ээ болуунун эң чоң себептеринин бири.

فوائد الحديث

Ырайымдуулук бардык макулуктар үчүн талап кылынат. Бирок ал макулуктарга адамдардын көңүл буруусу өзгөчө айтылды.

Аллах Таала Ырайымдуу. Ырайымдуу пенделерин ырайымына алат. Иш-аракеттердин түрүнө жараша сооп-сыйлык же жаза болот.

Адамдарга ырайымдуулук кылуу - бул аларга жакшылык кылууну, алардан жамандыкты кайтарууну жана аларга жакшы мамиле кылууну камтыйт.

التصنيفات

Мактоого татыктуу ахлактар