Өлгөндөрдү тилдебегиле. Анткени алар өздөрү аткарган иш-аракеттерине жетишти

Өлгөндөрдү тилдебегиле. Анткени алар өздөрү аткарган иш-аракеттерине жетишти

Айша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: Өлгөндөрдү тилдебегиле. Анткени алар өздөрү аткарган иш-аракеттерине жетишти.

[Сахих (ишенимдүү)] [Бухари жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өлгөндөрдү тилдөөнү жана алардын ар-намысына тийүүнүн арам экенин баяндап жатат. Бул тилдөө адеп-ахлактын терс жактарынын бири. Анткени алар аткарган жакшы же жаман иш-аракеттерине жетишкен. Ошондой эле бул тилдөө аларга жетпейт. Анткени ал тилдөө тирүүлөргө гана зыян жеткирет.

فوائد الحديث

Бул хадис өлгөндөрдү тилдөө арам экендигине далил болот.

Тирүүлөрдүн кызыкчылыгын эске алуу менен өлгөндөрдү тилдөөнү таштап, коомду чыр-чатактан, жек көрүүдөн сактоо керек.

Аларды тилдөөдөн тыюунун хикматы – алар мурда кылган иш-аракетине жеткендиктен аларды тилдөөдө пайда жок. Бирок алардын тирүү туугандары зыян тартат.

Адам пайдасы жок нерсени айтпашы керек.

التصنيفات

Артыкчылыктар жана адептер, Өлүм жана ага тийиштүү өкүмдөр