إعدادات العرض
Эй, Аббас, эй, Аллахтын элчисинин агасы, Аллахтан дүйнө жана акыреттин амандыгын тиле" - деди
Эй, Аббас, эй, Аллахтын элчисинин агасы, Аллахтан дүйнө жана акыреттин амандыгын тиле" - деди
Аббас бин Абдулмуталиб (ага Аллах ыразы болсун) айтат: Аллахтын элчисине: "О, Аллахтын элчиси, мага Аллахтан сурай турган нерсени үйрөтүңүзчү" - дедим. Ал: "Аллахтан амандык тиле" - деди. Бир канча күндөн кийин кайра келип: "О, Аллахтын элчиси, мага Аллахтан эмнени суроону үйрөтүңүзчү" - дедим. Ал мага: "Эй, Аббас, эй, Аллахтын элчисинин агасы, Аллахтан дүйнө жана акыреттин амандыгын тиле" - деди.
[Сахих лигойрихи (башка дагы жакшы айтымы бар жакшы хадис)] [Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Hausa മലയാളം Kurdî অসমীয়া Kiswahili አማርኛ Tiếng Việt ગુજરાતી Nederlands සිංහල پښتو ไทย नेपाली Malagasy Svenska Română తెలుగు ქართულიالشرح
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) атасы менен бир тууган агасы Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтан эмнени сурап дуба кылуу керектигин үйрөтүүсүн пайгамбарыбыздан суранат. Пайгамбарыбыз ага дин ишинде, дүйнө ишинде, акыретинде апааттардан жана айып-кемчиликтен аман кылуусун тиле деп үйрөтөт. Бир канча күндөн кийин кайра келип Аллахтан эмнени сурап дуба кылайын деп экинчи жолу сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага кам көрүп: "Эй, Аббас, эй, Аллахтын элчисинин агасы, Аллахтан бардык жамандыкты алып кете турган, бардык жакшылыкты алып келе турган жана дүйнө, акыретте пайда бере турган амандыкты тиле" - деп үйрөттү.فوائد الحديث
Аббастын эки жолку суроосуна тең пайгамбарыбыздын бир жоопту берип кайталаганы, амандык пенде Раббисинен сурай турган эң жакшы нерсе экенине далил.
Амандык тилөөдө дүйнө жана акыреттин жакшылыктары камтылган.
Сахабалар илимин жана жакшылык иштерин арттырууга кызыкдар болушкан.
التصنيفات
Таасирдүү дубалар