Эгерде ким мусулман бир тууганын жакшы көрсө, анда ага аны жакшы көрөрүн кабарласын

Эгерде ким мусулман бир тууганын жакшы көрсө, анда ага аны жакшы көрөрүн кабарласын

Аль-Микдам бин Маьди Кариба (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Эгерде ким мусулман бир тууганын жакшы көрсө, анда ага аны жакшы көрөрүн кабарласын».

[Сахих (ишенимдүү)] [Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ахмад да жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) момундардын ортосундагы мамилени чыңдоочу жана алардын ортосундагы сүйүүнүн жайылышынын себептеринин бири бул - кимдир-бирөө мусулман бир тууганын жакшы көрсө, анда аны жакшы көрөөрүн кабар бериш керек экендигин баяндап жатат.

فوائد الحديث

Дүнүйө кызыкчылык үчүн эмес, калыс Аллах Таала үчүн жакшы көрүүнүн пазилети.

Аллах үчүн жакшы көргөн адамга аны жакшы көрөөрүн жана жакшы көрүүнү жана үлпөттүктү күчөтүү үчүн ага жакшы көрөөрүн кабарлоо мустахаб.

Ыймандуулардын ортосунда болгон сүйүүнү жайылтуу бул - ыймандагы бир туугандыкты күчөтөт жана коомду бөлүнүп-жарылуудан сактайт.

التصنيفات

Мактоого татыктуу ахлактар, Сүйлөө жана жым отуруунун адептери