إعدادات العرض
Аллахка эң сүйүктүү төрт сөз: Субханаллах, Алхамдулиллах, Лаа илааха иллаллах жана Аллаху Акбар. Булардын кайсы биринен баштасаң да зыяны жок
Аллахка эң сүйүктүү төрт сөз: Субханаллах, Алхамдулиллах, Лаа илааха иллаллах жана Аллаху Акбар. Булардын кайсы биринен баштасаң да зыяны жок
Самура бин Жундуб, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Аллахка эң сүйүктүү төрт сөз: Субханаллах, Алхамдулиллах, Лаа илааха иллаллах жана Аллаху Акбар. Булардын кайсы биринен баштасаң да зыяны жок».
[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tiếng Việt සිංහල Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili မြန်မာ Русский Deutsch 日本語 پښتو অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી Yorùbá Nederlands ئۇيغۇرچە தமிழ் دری Fulfulde Magyar ಕನ್ನಡ Lietuvių or Română Kinyarwanda Српски O‘zbek Moore नेपाली Wolof Soomaali Български Українська Azərbaycan ქართული тоҷикӣ Македонски bm Ελληνικά ភាសាខ្មែរ አማርኛ Malagasy Oromooالشرح
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллах Таалага эң сүйүктүү сөздөр төртөө экенин баяндап жатат. Субханаллах: Аллах Тааланы бардык кемчиликтен аруулоону түшүндүрөт. Алхамдулиллах: Аллах Тааланы жакшы көрүү жана Аны улуулоо менен Анын толук, кемчиликсиз экенин сыпаттоо. Лаа илааха Иллаллах: Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Аллаху Акбар: Бардык нерседен эң урматтуу, эң улуу жана эң кадырлуу. Бул сөздөрдүн пазилетин жана сообун алуу үчүн аларды тартиби менен айтуу талап кылынбайт.فوائد الحديث
Шарият жеңил. Ошондуктан бул сөздөрдүн кайсынысы менен баштасаң да зыяны жок.
التصنيفات
Жалпы зикирлер