Кимде-ким (мусулман) бир тууганынын абийирин ал жокто коргосо, Аллах кыямат күнү анын жүзүн тозоктон сактайт

Кимде-ким (мусулман) бир тууганынын абийирин ал жокто коргосо, Аллах кыямат күнү анын жүзүн тозоктон сактайт

Абу Дарда (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде-ким (мусулман) бир тууганынын абийирин ал жокто коргосо, Аллах кыямат күнү анын жүзүн тозоктон сактайт».

[Сахих (ишенимдүү)] [Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким өзүнүн мусулман бир тууганын ал жокто аны жамандабай же ага жамандык кылбай анын абийирин коргосо, анда Аллах Таала Кыямат күнү андан азапты кайтараарын кабар берип жатат.

فوائد الحديث

Мусулмандардын абийирин төгүүгө тыюу салынат.

Иш-аракеттердин түрүнө жараша сооп-сыйлык же жаза болот. Ошондуктан кимде-ким мусулман бир тууганынын абийирин төгүүдөн жүз бурса, анда Аллах Кыямат күнү аны тозокко түшүүдөн кайтарат.

Ислам - бул мусулмандардын ортосундагы бир туугандыктын жана жардамдашуунун дини.

التصنيفات

Артыкчылыктар жана адептер, Мактоого татыктуу ахлактар