إعدادات العرض
?Аллахтын мүлкүн адилетсиздик менен иштеткен эркектер, алар Кыямат күнү тозокто болушат
?Аллахтын мүлкүн адилетсиздик менен иштеткен эркектер, алар Кыямат күнү тозокто болушат
Хавла аль-Ансарийа, радыяллаху анха, риваят кылат: Мен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтканын уктум: «Аллахтын мүлкүн адилетсиздик менен иштеткен эркектер, алар Кыямат күнү тозокто болушат».
[Сахих (ишенимдүү)] [Бухари жазып калтырган.]
الترجمة
عربي বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Kurdî Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் မြန်မာ Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska cs ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands සිංහල Hausa ไทย دری ff hu it kn Lietuvių or ro rw Soomaali Српски uz mos नेपालीالشرح
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мусулмандардын мал-мүлкүн алдамчылык менен иштетип, аны адилетсиз алып жаткан адамдар жөнүндө айтып жатат. Мунун мааниси мал-мүлктү адал эмес жолдор менен табуу, аларды жыйноо жана туура эмес жерлерге сарптоо жагынан жалпыга тиешелүү. Буга жетимдердин жана вакф фонддорунун акчасын жеп, аманаттарды четке кагуу, коомдук фонддон негизсиз каражаттарды алуу кирет. Андан кийин Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, алардын жазасы Кыямат күнү тозок болорун айтты.فوائد الحديث
Адамдардын колундагы мал-мүлк Аллахтын мүлкү. Аллах Таала аны шарият жолу менен сарптоолору жана алдамчылык менен иштетүүдөн сактануулары үчүн адамдарга берди. Бул башчыларга жана алардан башка адамдардын баарына тиешелүү.
Жалпы адамдардын мал-мүлкүнө болгон шарияттын катуу өкүмү. Ким мусулмандардын мал-мүлкүнө башчылык кылса, анда Кыямат күнү аны чогултканы жана сарптаганы үчүн жооп берет.
Бул азапка өзүнүн же башка бирөөнүн мал-мүлкүн шарияттын мыйзамысыз иштеткендер кирет.