إعدادات العرض
Жеңил көрсөткүлө, оор кылбагыла, сүйүнчүлөгүлө, качырбагыла!
Жеңил көрсөткүлө, оор кылбагыла, сүйүнчүлөгүлө, качырбагыла!
Анас бин Маликтин (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Жеңил көрсөткүлө, оор кылбагыла, сүйүнчүлөгүлө, качырбагыла!"
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी සිංහල ئۇيغۇرچە Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు မြန်မာ ไทย Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands Kiswahili தமிழ் دری Magyar Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy Română Kinyarwanda नेपाली Српски Soomaali Moore Українська Български Wolof Azərbaycan ქართული тоҷикӣ bm Oromoo Македонскиالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дин жана дүнүйө иштеринин баарында адамдарга жеңил, оңой кылууга, аларга оор келтирбөөгө буйруган. Бул Аллах Таала шарият кылган жана мубах (аткарылуусу ыктыярдуу) болгон иштердин чегине тиешелүү. Ошондой эле жакшы иштерди айтып сүйүнчүлөөгө кызыктырып, мындай иштерден аларды качырбоого үндөгөн.فوائد الحديث
Ыймандуу адамдын моюнундагы милдет адамдарга Аллахты сүйдүрүү жана аларды жакшылык иштерге кызыктыруу.
Аллахтын динине чакыруучу адамга Ислам чакырыгын адамдарга кандай жеткирүү даанышмандыгын кароосу зарыл.
Кубантуучу нерсени айтуу даават кылуучуга жана ал адамдарга сунуш кылып жаткан нерседе кубанычты, көңүл бурууну жана жан дүйнө тынчтыгын пайда кылат.
Ал эми оорлотуу даават кылуучунун сөзүндө күмөн саноону, жүз бурууну, кайра кайтып кетүүнү пайда кылат.
Аллах Тааланын пенделерине ырайымы кенен, ал аларга кечиримдүү динге жана жеңил шариятка ыраазы болду.
Жеңилдикке буйруу бул шариятта келген нерсе.
التصنيفات
Мактоого татыктуу ахлактар