Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, адамдарды бейишке эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда, ал: «Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы…

Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, адамдарды бейишке эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда, ал: «Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак» - деп айтты. Андан кийин адамдарды тозокко эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда: «Ооз жана жыныстык мүчө» - деп жооп берди

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылат. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, адамдарды бейишке эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда, ал: «Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак» - деп айтты. Андан кийин адамдарды тозокко эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда: «Ооз жана жыныстык мүчө» - деп жооп берди.

[Хасан Сахих (жакшы, ишенимдүү хадис)] [Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бейишке киргизе турган эң чоң себептер экөө экендигин баяндады. Алар: Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак. Аллахка такыбалык кылуу - бул сени менен Аллахтын азабынын ортосундагы сактануу. Ал Аллахтын буйруктарын аткаруу жана тыюу салган нерселеринен тыйылуу. Ал эми жакшы адеп-ахлак - бул жылуу жүздүү болуу, жакшылык кылуу жана зыян берүүнү токтотуу. Тозокко киргизе турган эң чоң себептер экөө. Алар: Тил жана уяттуу жерлер. Башкача айтканда тилдин күнөөлөрү. Бул - жалган айтуу, гыйбат кылуу, ушак айтуу ж.б. Ал эми уяттуу жерлердин күнөөлөрү - бул зына кылуу, гомосексуализм ж.б.

فوائد الحديث

Бейишке кирүүнүн Аллах Таалага байланыштуу себептери бар. Ал Аллахка такыбалык кылуу. Жана Адамдарга тиешелүү себептер, ал жакшы адеп-ахлак.

Тилдин ээсине жеткирген коркунучу бар жана ал тозокко киргизүүчү себептердин бири болот.

Напсинин кумарларынын жана бузукулуктун адам үчүн коркунучу бар жана ал тозоко киргизүүчү эң көп себептердин бири болот.