Кимде-ким боорукерликтен куру калса, бардык жакшылыктан куру калыптыр

Кимде-ким боорукерликтен куру калса, бардык жакшылыктан куру калыптыр

Жарир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким боорукерликтен куру калса, бардык жакшылыктан куру калыптыр".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтат: боорукерликтен куру калган адамдын дүйнө ишинде да, акырет ишинде да, өзүнө кылган ишинде да, өзгөлөргө кылган ишинде да ийгилик болбойт. Ал бардык жакшылыктан тыйылып калат.

فوائد الحديث

Боорукер болуу артыкчылыктуу мүнөз, кулк-мүнөздү ошого калыптандыруу керек. Ал эми оройлук, таш боордук жаман мүнөз.

Боорукердик, ак көңүлдүк дүйнө жана акыреттин жакшылыгын камсыз кылат. Ал эми оройлук, таш боордук мунун тескерисине алып барат.

Боорукердик - жакшы мүнөздүн жана саламатчылыктын жыйынтыгы. Таш боордук - ачуунун жана оройлуктун жыйынтыгы. Ошон үчүн пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) боорукердикти мактаган.

Суфян Саври (ага Аллах ырайым кылсын) жолдошторуна кайрылып мындай дейт: Боорукердик деген эмне экенин билесиңерби? Ал - ар бир нерсени өз ордуна коюу. Катуулукту да өз ордуна коюу. Жумшактыкты да өз ордуна коюу. Кылычты да өз ордуна коюу. Таякты да өз ордуна коюу.

التصنيفات

Мактоого татыктуу ахлактар