إعدادات العرض
Силердин эч кимиңер каалоосу мен алып келген нерсени (динди) ээрчимейинче толук ыймандуу боло албайт
Силердин эч кимиңер каалоосу мен алып келген нерсени (динди) ээрчимейинче толук ыймандуу боло албайт
Абу Мухаммад Абдулла бин Амр бин Аас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силердин эч кимиңер каалоосу мен алып келген нерсени (динди) ээрчимейинче толук ыймандуу боло албайт".
[قال النووي: حديث صحيح] [رويناه في كتاب الحجة بإسناد صحيح]
الترجمة
العربية Español አማርኛ English اردو Indonesia বাংলা Français Türkçe Русский Bosanski සිංහල हिन्दी 中文 فارسی Tiếng Việt Tagalog Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் မြန်မာ ไทย Deutsch پښتو অসমীয়া Shqip Nederlands ગુજરાતી नेपाली Lietuvių دری Српски тоҷикӣ Kinyarwanda Magyar Čeština Moore Malagasy Oromoo ಕನ್ನಡ Wolof Azərbaycan O‘zbek Українська ქართული Македонски ភាសាខ្មែរ Bambara ਪੰਜਾਬੀ मराठी Kirundi Kurmancî Bahasa Melayuالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ал алып келген буйрук жана тыюулардан турган динди ээрчип, буйруктарын жакшы көрүп, тыйган иштерин жек көрмөйүнчө адамдын ыйманы талаптагыдай толук болбостугун айткан.فوائد الحديث
Бул хадис адам өзүн толук шариятка тапшырып, Ага баш ийүүсүн билдирген эреже.
Хадисте акылы же адат боюнча өкүм чыгарып, аны пайгамбар алып келген шарияттан алдыга койгондорго катуу эскертүү бар. Мындай кылган адамдын ыйманы толук эмес.
"Ал алып келген..." деген сөзү бардык нерседе шарияттын өкүмү важыб экенине далил.
Ыйман - таат-ибадат менен көбөйүп, күнөө-ката менен азаят.
