إعدادات العرض
Тозок напсинин кумарлары менен курчалган. Ал эми бейиш кыйынчылыктар менен курчалган
Тозок напсинин кумарлары менен курчалган. Ал эми бейиш кыйынчылыктар менен курчалган
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты. «Тозок напсинин кумарлары менен курчалган. Ал эми бейиш кыйынчылыктар менен курчалган».
[Сахих (ишенимдүү)] [Бухари жазып калтырган]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tiếng Việt සිංහල ئۇيغۇرچە Kurdî Hausa Português മലയാളം မြန်မာ Deutsch 日本語 پښتو অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી Yorùbá Nederlands తెలుగు Kiswahili தமிழ் دری Български Fulfulde Magyar ಕನ್ನಡ Lietuvių or Română Kinyarwanda тоҷикӣ O‘zbek Akan नेपाली Moore Azərbaycan Wolof Oromoo Soomaali Українська Bambara ភាសាខ្មែរ Kirundi ქართული Македонски Српски Ελληνικά አማርኛ Malagasy ไทย Dansk मराठी ਪੰਜਾਬੀ Lingala Italiano kmrالشرح
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тозок напсиге жага турган арам иштер менен же аткарылбай калган парз амалдардын күнөөлөрү менен курчалып, сакталып тураарын баяндап жатат. Ким напсиси каалаганын ээрчисе, тозокко кирүүгө татыктуу болот. Ал эми бейиш Аллахтын буйруктарын ар дайым аткаруу, күнөөлөрдү таштоо жана ага сабыр кылуу сыяктуу напси жактырбаган нерселер менен курчалган. Эгер напсинин каалоосу менен күрөшүп, ага каршы бекем турса, анда бейишке кирүүгө татыктуу болот.فوائد الحديث
Напсинин кумарына туткун болуунун себептеринин бири – шайтандын күнөө иштерди жана жийиркеничтүү иштерди, напси аларды жакшы көрүп ага карай ыкталып калганга чейин кооздоп көрсөтүүсү.
Напсинин арам кумарларынан алыс болууга буйруду. Анткени ал тозоктун жолу. Жана кыйынчылыктарга сабыр кылууга буйруду. Анткени ал бейиштин жолу.
Напси менен күрөшүүнүн жана ибадаттагы тырышчаактыктын пазилети.
Ибадаттарды курчап алган кыйынчылыктарга жана машакаттарга сабыр кылуунун пазилети.
التصنيفات
Бейиш менен тозоктун сыпаттары