إعدادات العرض
Силердин эч бириңер мен ага атасынан, баласынан, жалпы эле адамдардан сүйүктүү болмоюнча толук ыймандуу боло албайт
Силердин эч бириңер мен ага атасынан, баласынан, жалпы эле адамдардан сүйүктүү болмоюнча толук ыймандуу боло албайт
Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Силердин эч бириңер мен ага атасынан, баласынан, жалпы эле адамдардан сүйүктүү болмоюнча толук ыймандуу боло албайт"
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili မြန်မာ ไทย Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands සිංහල தமிழ் دری Magyar Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy Română Kinyarwanda नेपाली Српски Soomaali Moore Українська Български Wolof Azərbaycan ქართული тоҷикӣ bm Oromoo Македонскиالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман киши ага болгон махабатын энесинин, атасынын, баласынын, кызынын, деги эле бардык адамдардан да жакшы көрмөйүнчө толук ыймандуу боло албастыгын бизге кабарлаган. Бул жакшы көрүү ага баш ийүү, (сүннөтүн жайылтууга) жардам берүү, ага күнөө кылууну таштоо аркылуу болот.فوائد الحديث
Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүйүү жана ага болгон сүйүүнү бардык жаратылгандардын сүйүүсүнөн алдыга коюу важиб.
Ага болгон сүйүүнүн толуктугу: Аллахтын элчисинин сүннөтүнө жардам берүү жана ага өзүн арнап, мал-мүлкүн жумшоо.
Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүйүү анын буйруктарына баш ийүүнү, ал айткандарга ишенип тастыктоону, ал тыйган нерселерден тыйылууну жана ага эргешип, бидаатты таштоону ичине камтыйт.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) акысы бардык адамдардын акысынан улук жана маанилүү. Анткени, ал биздин туура жолго түшүүбүзгө, тозоктон кутулуубузга, бейишке кирүүбүзгө себеп болот.
التصنيفات
Жүрөк амалдары