إعدادات العرض
Адам Исламды эң жакшы кармануусу - өзүнө тиешеси жок нерсеге кийлигишпегени
Адам Исламды эң жакшы кармануусу - өзүнө тиешеси жок нерсеге кийлигишпегени
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Адам Исламды эң жакшы кармануусу - өзүнө тиешеси жок нерсеге кийлигишпегени".
الترجمة
العربية Tagalog Português دری অসমীয়া বাংলা Kurdî پښتو Hausa Tiếng Việt Македонски O‘zbek Kiswahili ភាសាខ្មែរ ਪੰਜਾਬੀ Moore తెలుగు اردو Azərbaycan ไทย አማርኛ Magyar Türkçe ქართული 中文 ಕನ್ನಡ ગુજરાતી Українська Shqip हिन्दी Српски Kinyarwanda тоҷикӣ Wolof Čeština Русский Bahasa Indonesia English தமிழ் नेपाली മലയാളം kmr فارسی Bambara ms Bosanski Lietuviųالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адамдагы Исламдын эң жакшы белгиси жана анын ыйманынын толуктугу - анын өзүнө тиешеси жок, ага пайдасы да жок, аны кабатыр кылбай турган сөздөргө жана иштерге аралашпай, же дүйнө жана дин иштеринен ага байланышы жок нерселерге киришпегени экенин баяндаган. Тиешеси жок иштер менен алек болуу - анын өзүнө тиешелүү, өзү аткарышы зарыл болгон иштерден алаксытып же тескерисинче, сактана турган иштерге жакындатып коёт. Инсан кыямат күнү бул дүйнөдө кылган иштеринен суралат.فوائد الحديث
Адамдар динде ар түрдүү болушат, кээ бир амалдар аркылуу Исламдын жакшылыгы артат.
Ашыкча жана керексиз сөздөн, иштен өзүн сактоо - анын дининин толуктугунан кабар берет.
Хадис адамды өзүнө тиешелүү иш-амалдарды аткарууга үндөйт. Өзүнө тиешеси жоктон алыс болуу исламды жакшы кармануу болсо, өзүнө тиешелүү иш менен алек болуу да анын жакшы белгиси.
Ибн Каййим мындай деген: "Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) такыбалыктын баарын бир суйлөм менен айткан, ал: "Адам Исламды эң жакшы кармануусу - өзүнө тиешеси жок нерсеге кийлигишпегени" - деген хадиси. Бул өзүнө тиешеси жок сөздөн, кароодон, угуудан, басып баруудан, кармоодон, ойлонуудан ж.б. ачык жана жашыруун аракеттердин баарынан сактануу керек дегенди билдирет".
Ибн Ражаб мындай деген: "Бул хадис адептин негиздеринин бири".
Хадис илим алууга үндөйт, анткени, илим алуу менен адам эмне өзүнө тиешелүү, эмне тиешелүү эмес экенин ажыратат.
Жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыйып, акыл-насаат айтып туруу зарыл. Анткени, инсан буга буйрулган.
Хадистин жалпы маанисине булар кирет: Аллах Таала арам кылган жана пайгамбарыбыз жактырбаган нерселерден алыс болуу. Ошондой эле зарыл болбогон иштерден качуу. Мисалы, акыретке байланыштуу кайып, көмүскө сырларды иликтөө, жаратуу жана башкаруу ишинин майда-чүйдө өкүмдөрүн териштирүү, иш жүзүндө болбогон, дээрлик болбой турган, же элестетүү да мүмкүн болбогон маселелерди сурап-изилдөө.
التصنيفات
Жаман ахлактар