Ким менин атымдан атайын жалган сүйлөсө - өзүнө тозоктон орун камдай берсин

Ким менин атымдан атайын жалган сүйлөсө - өзүнө тозоктон орун камдай берсин

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким менин атымдан атайын жалган сүйлөсө - өзүнө тозоктон орун камдай берсин".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким кайсы бир сөздү же ишти ага таандык кылып атайын жалган айтса, акыретте тозоктон ага орун даярдаларын кабарлаган. Ага жалган айтканынын жазасы ушул.

فوائد الحديث

Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) атайын максат кылып жалган айтуу, тозокко кирүүгө себеп болот.

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) атынан жалган айтуу башка адамдарга жалган айтуу сыяктуу эмес. Анткени, мунун дүйнө жана акыретке өтө көп зыяны тиет.

Хадистин чындап эле пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тиешелүү экендигинин ишенимдүүлүгүн тактап, тастыктмайынча аны таратуудан эскертүү.

التصنيفات

Сүннөттүн орду жана зарылдыгы, Сүннөттүн орду жана зарылдыгы, Жаман ахлактар, Жаман ахлактар