Бул экөө азапталып жатат. (Өздөрүнүн оюндагы) чоң эмес күнөө себептүү азапталып жатат. Экөөнүн бири заарасынан тазаланбайт эле. Ал эми экинчиси ушак-айың таратып…

Бул экөө азапталып жатат. (Өздөрүнүн оюндагы) чоң эмес күнөө себептүү азапталып жатат. Экөөнүн бири заарасынан тазаланбайт эле. Ал эми экинчиси ушак-айың таратып басып жүрчү

Ибн Аббас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки мүрзөнүн жанынан өтүп баратып: "Бул экөө азапталып жатат. (Өздөрүнүн оюндагы) чоң эмес күнөө себептүү азапталып жатат. Экөөнүн бири заарасынан тазаланбайт эле. Ал эми экинчиси ушак-айың таратып басып жүрчү" - деди. Анан кургай элек бутакты алып, тең ортосунан жарды да, эки мүрзөнүн ар бирине бир-бирден сайып койду. О, Аллахтын элчиси, эмне үчүн мындай кылдың? - деп сурашты. "Ушул бутактар соолуп калганга чейин аларды азабы жеңилдесе ажеп эмес" деди ал.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки мүрзөнүн жанынан өтүп баратып, мындай деди: Бул эки мүрзөдөгү адамдар азапталып жатат; силердин көз карашыңарда чоң болбогон, Алланын алдында чоң болгон күнөө себептүү азапталып жатышат, Ал экөөнүн бири кажетин өтөгөн учурда, кийимин да, денесин да заарадан сактоого кам жеген эмес. Экинчиси адамдардын ортосунда ушак таратып жүргөн. Зыян жеткирүү максатында, адамдардын ортосунда келишпестикти жана жек көрүүнү пайда кылуу үчүн бирөөнүн айткан сөзүн бирөөгө айтып келген.

فوائد الحديث

Ушак айтуу жана заарадан тазаланбоо чоң күнөөлөрдүн бири жана бул мүрзөдө азапталууга себеп болот.

Аллах Таала пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгынын белги, далили катары, кабыр азабы сыяктуу кээ бир кайып иштерин ачыкка чыгарган.

Бутактарды жарып, кабырлардын үстүнө сайуу, бул пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жеке өзүнө тиешелүү иштерден; анткени Аллах Таала ага тиги эки кабырдагы адамдын абалын билдирди. Башкаларды ага салыштырып кыяс кылууга болбойт. Себеби, эч ким кабырдагы адамдардын абалын билбейт.

التصنيفات

Кабыр жашоосу, Кабыр жашоосу, Жаман ахлактар, Жаман ахлактар, Мүрзөнүн коркунучу, Мүрзөнүн коркунучу