Айша, радыяллаху анха, риваят кылат: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, бул аятты окуду: «Ал сага (теңдешсиз) Китеп түшүргөн Зат. Анын ичинен Китептин энеси (маңызы) болгон мухкам-анык аяттар жана алардан башка муташабих (түшүнүлүшү оор) аяттар орун алган. Ал эми жүрөгүндө илдет-ийрилик болгон адамдар аны (өз каалоолоруна ылайыктап) түшүндүрүүнү жана бузукулукту үмүт кылып, муташабих аяттарды ээрчишет. Ал муташабих аяттын түшүндүрмөсүн Аллахтан бөлөк эч ким анык билбейт. Ошондуктан терең илимдүү адамдар: «Биз Куранга ыйман келтиргенбиз. Анын аяттарынын бардыгы Раббибибизден келген» - дешет. Акылдуу адамдар гана андан эскертме алышат». (Аали Имран, 7) Андан соң Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: «Эгерде андагы түшүнүүгө оор болгон аяттарды өзүнүн максатына ылайыктап түшүнгөн адамдарды көрсөң, анда алар Аллах бул аятта айткан адамдар. Алардан сак бол» - деп айтты».

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ал сага (теңдешсиз) Китеп түшүргөн Зат. Анын ичинен Китептин энеси (маңызы) болгон мухкам-анык аяттар жана алардан башка муташабих (түшүнүлүшү оор) аяттар орун алган. Ал эми жүрөгүндө илдет-ийрилик болгон адамдар аны (өз каалоолоруна ылайыктап) түшүндүрүүнү жана бузукулукту үмүт кылып муташабих аяттарды ээрчишет. Ал муташабих аяттын түшүндүрмөсүн Аллахтан башка эч ким анык билбейт. Ошондуктан терең илимдүү адамдар: «Биз Куранга ыйман келтиргенбиз. Анын аяттарынын бардыгы Раббибибизден келген» - дешет. Акылдуу адамдар гана андан эскертме алышат» деген аятын окуду. Бул аятта Аллах Таала Куранды Өзүнүн Пайгамбарына түшүргөн Зат экендигин айтты. Ошондой эле анда ачык маанидеги, өкүмдөрү белгилүү жана ачык-айкын болгон аяттарды камтыганын айтты. Бул аяттар Курандын негизги өкүмдөрү жана таяна турган аяттары болуп саналат. Куранда жана башка аяттар да бар, алар бир нече мааниге ээ болушу мүмкүн, кээ бир адамдарга ал аяттардын маанилери оор келип карама-каршы маанилер чыгат деп ойлошот. Андан соң Аллах бул аяттарды түшүнүүдө адамдардын туура эмес мамилесин баяндап берди. Алардын жүрөгүндө акыйкаттан кыйшаюу бар болгонун айтты. Алар чечүүчү, ачык аяттарды ташташып эки ара мааниде болгон окшош аяттарды алышып, элди күмөнгө салып, адамдарды адаштырышат. Алар ал аяттарды өз каалоолоруна жараша чечмелөөгө умтулушат. Ал эми илимге бекем болгондор бул окшош аяттарды билишет жана аны чечүүчү аяттарга кайтарышат жана анын Аллахтан келгенине ишенишет. Алар бул аяттар түшүнүксүз же карама-каршылыктуу болушу мүмкүн эмес деп билишет. Бирок бул аяттардан бир гана тунук акылдуу адамдар сабак жана эскертме алышат. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, момундардын энеси Аишага, радыяллаху анха, эгерде ал окшош аяттарды ээрчигендерди көрсө, анда аларды укпай сак болууну айтты. Мына ошолор Аллах Таала: «Ал эми жүрөгүндө илдет-ийрилик болгондор» - деп айткан адамдар экендигин айтты.

فوائد الحديث

Курандын Мухкам аяттары: Мааниси ачык болгон жана бир мааниде чечмеленген аяттар. Ал эми Муташабих аяттар: Бирден ашык мааниге ээ болгон жана ойлонууну жана түшүнүүнү талап кылган аят.

Адашкандар, бидъатчылар жана адамдарды адаштырып, күмөнгө салуу үчүн маселе айткандар менен аралашуудан сактануу керек.

Аяттын аягында Аллах Таала мындай дейт: «Жана акылдуулардан башка эч ким эскертме албайт». Бул жүрөгү куттуларды жемелегени, илимге бекемдерди мактаганы ачык болду. Тагыраак айтканда бул аяттардан эскертме, насаат албаган жана напсилерине ээрчиген адамдар акылдуулардан эмес экендигин айтты.

Муташабих аяттардын туура эмес маанилерин ээрчип жүрүү - жүрөктүн тайкы болушуна себеп болот.

Мааниси түшүнүксүз болушу мүмкүн болгон Муташабих аяттарды Мухкам аяттарга кайтаруу важиб болот.

Ыйман ээлери менен адашкандарды айырмалоо үчүн жана адамдарды сыноо үчүн Аллах Таала Курандын кээ бир аяттарын Мухкам, кээ бир аяттарын Муташабих кылып койгон.

Куранда муташабих аяттардын болушу - Аалымдардын башка адамдардан артыкчылыгын көрсөттү. Канчалык тунук акыл болбосун, анын кемчиликтүү экендигин билдирди. Мындан улам адам баласы өзүнүн алсыздыгын Жаратуучусунун алдында мойнуна алат.

Илим алууда туруктуу болуунун пазилети жана алган илимге бекем болуунун зарылчылыгы.

Тафсирчилер «Анын маанилерин Аллах гана билет жана илимде бекем аалымдар» деген аяттын «Аллах» деген сөзүндө токтоп туруп тилават кылууда эки түрдүү пикирлери бар. Эгерде тилават кылганда «Аллах» деген сөздө токтоп туруп анан улантып окуп кетсе, анда Муташабих аяттардын маанилерин Аллахтан башка эч ким билбейт деген маани чыгат. Ошондой эле Тавил деген сөздөн - бизге белгисиз нерселердин чыныгы акыйкаты жана кейпи максат кылынат. Мисалы адамдын руху, кыяматтын кандай болушу сыяктуу Аллах белгисиз кылган маселелер кирет. Ал эми аалымдар бул маселелерди Аллахка кайтарышат жана Андан гана келген деп ишенишет. А эгерде бул аяттын «Аллах» деген сөзүндө токтобой аятты улантып окуп кетсе, анда Тавилден тафсир жана ачыктоо деген маани чыгат. Анда Муташабих аяттарды Аллах билет жана илимде бекем аалымдар да билет деген маани чыгат. Алар бул аяттарга ишенишет жана Мухкам аяттарга кайтарышат.

التصنيفات

Жүрөк оорулары, Напсиге жана кумарга берилүүнүн жамандыгы, Аяттардын чечмеленүүсү