Кыямат күнү адамдар арасындагы иштерден эң биринчи териштириле турганы - кан жөнүндө болот

Кыямат күнү адамдар арасындагы иштерден эң биринчи териштириле турганы - кан жөнүндө болот

Абдуллах бин Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кыямат күнү адамдар арасындагы иштерден эң биринчи териштириле турганы - кан жөнүндө болот".

[Сахих (ишенимдүү)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыямат күнү адамдардын бири-бирине кылган зулумдугунан эң биринчи өкүм кылына турганы кан тууралуу болорун эскерткен. Мисалы: өлтүрүү, жаракаттандыруу ж.б.

فوائد الحديث

Кандын иши оор, анткени (өкүмдүн) башталышы маанилүү нерсе менен башталат.

Күнөөлөр тийгизген зыянына жараша оорлой берет. Жазыксыз жанды кыюу эң оор бузук күнөө. Мындан оор каапырлык менен Аллахка шерик кылуу күнөөлөрү гана бар.

التصنيفات

Акырет жашоосу, Өч алуу