Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши кыяматтын качан болорун сурап: Кыямат качан болот? - деди. Пайгамбар андан: "Кыяматка эмне…

Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши кыяматтын качан болорун сурап: Кыямат качан болот? - деди. Пайгамбар андан: "Кыяматка эмне даярдыгың бар?" - деп сурады.

Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши кыяматтын качан болорун сурап: Кыямат качан болот? - деди. Пайгамбар андан: "Кыяматка эмне даярдыгың бар?" - деп сурады. Тиги киши: Эч нерсе даярдыгым жок. Болгону, Аллахты жана Анын элчисин жакшы көрөм - деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Сен кимди жакшы көрсөң, ошону менен биргесиң" - деди. Анас айтат: Аллахтын элчисинин "Сен кимди жакшы көрсөң, ошону менен биргесиң" деген сөзүнө кубангандай буга чейин эч кубанган эмес элек. Анас сөзүн улап минтип айтты: "Мен Аллахтын элчисин, Абу Бакрды, Умарды жакшы көрөм. Алардай жакшы амалдарды көп кылбасам да, аларды жакшы көргөнүм үчүн алар менен бирге болом деп үмүт кыламын".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Чөлдө жашаган адамдардын бири пайгамбарыбыздан (ага Аллах ыраазы болсун) кыяматтын болор учурун сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) андан: "Кыяматка кандай жакшы амалдарды кылып даярдандың?" - деп сурайт. Сураган киши: Көп деле жакшы амалым жок бирок Аллахты жана Анын элчисин аябай жакшы көрөм деп, мындан башка жүрөккө, денеге жана мал-мүлккө тиешелүү эч кандай амал кылганын айтпайт. Анткени, мунун баары жакшы көрүүнүн бутакчалары болуп эсептелет. Чыныгы жакшы көрүү жакшы амалдарды кылууга түртөт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: Сен кимди жакшы көрсөң, бейиште ошону менен биргесиң дейт. Пайгамбардын сахабалары бул сүйүнүчтүү кабарга аябай сүйүнүшөт. Андан кийин Анас (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисин, Абу Бакрды жана Умарды жакшы көрөрүн, алардай жакшы амалдарды көп кыла албаса да бейиште алар менен чогуу болууну үмүт кыларын айтты.

فوائد الحديث

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жооп берүүдөгү даанышмандыгы - суроочуга акыретке жакшы амалдарды кылып даярдануу керектигин эскерткени.

Аллах Таалага жолугууга даярданып, жакшы амалдарды аткарып жүрүүсү үчүн Аллах Таала пенделерине кыяматтын качан болорун сыр кылып койгон.

Аллахты, пайгамбарларды жана саалих адамдарды жакшы көрүү артыкчылыктуу иш. Ал эми мушриктерди жакшы көрүүдөн сак болуу керек.

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) "Сен кимди жакшы көрсөң, ошону мененсиң" деген сөзү, орунда жана даражада алар менен бирдейсиң деген маани эмес. Алар сыяктуу сен да бейиште болосуң, бейиште бири-бириңерди көрүүгө мүмкүн деген маанини билдирет.

Мусулман адам пайдасыз суроолорду берүүдөн оолак болуп, пайдалуу, жакшы иш-амалдарды аткаруу менен алек болуусу керек.

التصنيفات

Акырет күнүнө ыйман келтирүү, Жүрөк амалдары