إعدادات العرض
Мага менден мурдагы пайгамбарларга берилбеген беш нерсе берилди
Мага менден мурдагы пайгамбарларга берилбеген беш нерсе берилди
Жабир бин Абдуллах (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Мага менден мурдагы пайгамбарларга берилбеген беш нерсе берилди : бир айлык аралыктан душмандарымдын жүргүндөгү коркунуч аркылуу жеңиш берилди. Жер бетинин баары мага намаз окуганга жарактуу жана тазаланганга жарактуу болду. Үммөтүмдөн ким кайсы жерде болсо, ошол жерде намазын окуй берсин. Мага олжо адал болду. Мага чейин эч кимге олжо адал эмес эле. Мага шапаат кылуу артыкчылыгы берилди. Мага чейинки пайгамбарлар өзүнүн гана элине жиберилсе, мен жалпы адам баласына жиберилдим".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Hausa Português Kurdî Kiswahili සිංහල አማርኛ Nederlands Tiếng Việt অসমীয়া Oromoo پښتو ગુજરાતી ไทย മലയാളം Română नेपाली Malagasy Deutsch తెలుగుالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага мурдагы пайгамбарларга берилбеген беш нерсе берилгенин кабарлайт: Биринчиси: Мени менен душмандарымдын аралыгы бир айлык сапар болгонуна карабастан, Аллах Таала алардын жүрөгүнө коркунуч салып, мага жардам (жеңиш) берди. Экинчиси: Жер бети бизге намаз окууга жарактуу болду. Кайсы жерде болсок ошол жерде намаз окуй беребиз. Ошондой эле суу жок учурда таямум кылганга жердин топурагы таза болду. Үчүнчүсү: Согуштан түшкөн олжолор да адал болду. Олжо деп, мусулмандар каапырлар менен согушуп жеңишке жетишкенде алардан калган мал-мүлккө айтылат. Төртүнчүсү: Адамдарды кыямат күнүнүн коркунучунан куткаруу үчүн шапаат кылуу артыкчылыгы берилди. Бешинчиси: Мен жалпы калайыкка, инсандарга да, жиндерге да пайгамбар болуп жиберилдим. Мурдагы пайгамбарларда андай болгон эмес. Алар ар кимиси өзүнө тиешелүү элине гана жиберилген.فوائد الحديث
Аллахка шүгүр кылып, Ал берген жакшылыктарды айтуу шариятта уруксат.
Аллах Тааланын биздин үммөткө жана анын пайгамбарына ушундай артыкчылыктарды бергени, Анын чексиз берешендигинен.
Кандай абалда болбосун, намазды өз убагында окуу важыб. Намаздын шарттарын, рүкүндөрүн жана важыбдарын колдон келишинче аткаруу керек.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) башка пайгамбарлардан өзгөчөлөнгөн шапааты бир канча түрдүү болот; Бири: жалпы калайыкты эсеп-кысап кылууга шапаат кылуусу. Дагы бири: Бейишке кирүүчүлөрдү бейишке кирүүгө шапаат кылуусу. Дагы бири: Каапыр абалында өткөн агасы Абу Талибдин азабын жеңилдетүү үчүн кылган шапааты, ж.б.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул хадисте айтылгандан сырткары да көптөгөн өзгөчөлүктөрү бар. Мисалга: ага кыска сөз менен көп маанини түшүндүрө турган чечендик, пайгамбарлардын мөөрү, ошондой эле биздин сапта туруубуз периштелердин сабына окшош экендиги, ж.б. өзгөчөлүктөр бар.