إعدادات العرض
Менин атымды укканда мага салават айтпаган адам - сараң адам
Менин атымды укканда мага салават айтпаган адам - сараң адам
Хусайн бин Али бин Абу Талиб (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Менин атымды укканда мага салават айтпаган адам - сараң адам".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Hausa Kurdî Português සිංහල Русский Nederlands অসমীয়া Tiếng Việt Kiswahili ગુજરાતી پښتو አማርኛ Oromoo ไทย Română മലയാളം Deutsch नेपाली ქართული Moore Magyar తెలుగు Svenskaالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын атын, куниясын же сыпаттарын укканда салават айтпай коюудан эскерткен. Мен эскерилгенимде мага салават айтпаган адам чыныгы сараң деген. Бул бир канча маанини билдирет: Биринчи: Бул аз да, көп да чыгым болбой турган, байлык да, күч да коротпой турган нерсеге сараңдык кылуу. Экинчи: мындай адам өзүнө-өзү сараңдык кылып, айтылган салаваттын сообунан куру калат. Анткени ал салават айтпай, сараңдык кылды жана өзүнө жүктөлгөн милдетти аткаруудан тыйылды жана анын аткарылышынын артынан келген сооптон да кол жууду. Үчүнчү: Пайгамбарга салават айтуу анын кээ бир акыларын берүү болуп эсептелет. Ал бизге динди үйрөттү, туура жолго багыт берди, Аллахтын динине чакырды, аян-кабарды жана шариятты таратты. Ал Аллах Тааладан кийинки эле биздин туура жолго түшүүбүзгө себепкер болду. Ошон үчүн ким ага салават айтпаса, ал өзүнө-өзү сараңдык кылат. Анын аз гана акысын бере албай пайгамбарына да сараңдык кылат.فوائد الحديث
Пайгамбарга салават айтпай коюу сараңдыктын белгиси.
Пайгамбарга салават айтуу бардык убактарга тиешелүү эң жакшы таат-ибадат, Аллахка жакындоо болуп эсептелет. Ал эми аты аталган учурда салават айтуу важип болот.
Ан-Навави минтип айткан: Пайгамбарга салават айтканда салам менен салаватты чогуу айтуу керек, бирин калтырып экинчисин айтууга болойт. Мисалы: "Соллаллааху алайхи..." деп коюу же "Алайхис салам" деп коюу жарабайт.
Абу Аалия Аллах Тааланын "Аллах жана Анын периштелери пайгамбарга салават айтат..." деген сөзү тууралу минтип айткан: Аллах Тааланын пайгамбарына салават айтканы - аны мактаганы. Периштелер менен адамдардын салават айтканы - ага дуба кылганы.
Ал-Халимий минтип айткан: "Аллахумаа солли алаа Мухаммад" деген салаваттын мааниси: Аллахым, аны бул дүйнөдө атын жарыя кылып, динин жайылтып, шариятын түбөлүк калтырып улуктагын. Акыретте болсо, үммөтүн шапаат кылдырып, сооп-сыйын арттырып, мактоого татыктуу орду аркылуу мурдагы жана кийинкилерге артыкчылыгын көрсөтүп, бардык (Аллахка) жакын, күбө болуучулардын алдына коюу менен улуктагын.
التصنيفات
Кокустук иштерде айтылчу зикирлер