إعدادات العرض
Үч түрдүү адамдан калем көтөрүлгөн (б.а. күнөө жазылбайт): уктап жаткан киши ойгонгонго чейин. Жаш бала балакат курагына жеткенге чейин. Акылынан айныган адам…
Үч түрдүү адамдан калем көтөрүлгөн (б.а. күнөө жазылбайт): уктап жаткан киши ойгонгонго чейин. Жаш бала балакат курагына жеткенге чейин. Акылынан айныган адам акылына келгенге чейин
Али (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Үч түрдүү адамдан калем көтөрүлгөн (б.а. күнөө жазылбайт): уктап жаткан киши ойгонгонго чейин. Жаш бала балакат курагына жеткенге чейин. Акылынан айныган адам акылына келгенге чейин".
الترجمة
العربية Bosanski English فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Türkçe اردو हिन्दी 中文 Kurdî Português অসমীয়া Kiswahili Tagalog አማርኛ ગુજરાતી Tiếng Việt Nederlands සිංහල پښتو Hausa ไทย മലയാളം नेपाली Malagasy Română Svenska తెలుగు ქართულიالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү үч түрдүү адамдан башкаларына жоопкерчилик жүктөлөрүн айткан: Жаш бала чоңоюп, балакат курагына жеткенге чейин. Акылынан айнып жинди болуп калган адам кайра акылына келгенге чейин. Уктап жаткан адам ойгонгонго чейин. Булардан жоопкерчилик алынган. Булардын кылган күнөөсү жазылбайт. Бирок жаш баланын жакшы иштеринин сообу жазылат. Жинди болгон адам менен уктап жаткан адамга жакшы иштеринин сообу да жазылбайт. Анткени, өздөрү эмне кылып жатканын билбегендиктен, алар ибадаттары кабыл болбой турган адамдар болуп эсептелет.فوائد الحديث
Инсан аны уйку баскан учурда ибадат кылууга жараксыз болот. Же жашы кичүү мезгилинде жараксыз болот. Же акылынан тайып жинди болуп калган учурда жараксыз болот. Аллах Таала Өзүнүн адилеттүүлүгү жана ырайымдуулугу менен ушул үч учурда инсандын жасаган күнөө иштерин кечирип жиберет.
Аларга күнөөнүн жазылбоосу аларга тиешелүү кээ бир дүнүйөлүк өкүмдөргө каршы келбейт. Мисалы жинди адам бирөөнү өлтүрүп койсо, ага өч алуу да, акы-төлөм да болбойт. Эгер акылы төп болсо, кун (дият) берилмек.
Балакат жаш курагына жеткендин үч белгиси бар: түшүркөп же башка себеп менен уруктук суунун түшүүсү. Же аврат жерлерге түктөрдүн чыгуусу. Же он беш жашка толуусу. Ал эми аялзатына төртүнчү белги: айыздын келүүсү кошулат.
Ас-Субки минтип айткан: "Сабий-жаш бала дегени, гулам деп айтылат". Дагы бирөөлөр минтип айткан: "Эненин ичиндеги бала жанин (түйүлдүк) деп аталат. Төрөлгөндө сабий (бөбөк) деп аталат. Эмчектен чыккандан баштап жети жашка чейин гулам (тестиер) деп аталат. Он жашка чейин йафиъ (жеткинчек) деп аталат. Он беш жашка чейин хазур (өспүрүм) деп аталат". Ас-Суйути болсо: "Ушул курактардын баарында баланы гулам деп атайт" деген.
التصنيفات
Намаздын шарттары