إعدادات العرض
Куш учурган жана учурткан, көзү ачыктык кылган жана көзү ачыктык кылдырткан, сыйкырлаган жана сыйкыр кылдырган
Куш учурган жана учурткан, көзү ачыктык кылган жана көзү ачыктык кылдырткан, сыйкырлаган жана сыйкыр кылдырган
Имран бин Хусейн (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Куш учурган жана учурткан, көзү ачыктык кылган жана көзү ачыктык кылдырткан, сыйкырлаган жана сыйкыр кылдырган, түйүн түйүп ырым кылган адамдар бизден эмес. Ким көзү ачыкка барып анын айтканына ишенсе, Мухаммадка (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тушкөн нерсеге каапырлык кылыптыр".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili မြန်မာ ไทย Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands සිංහල தமிழ் دری Magyar Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy Kinyarwanda नेपाली Română Српски Wolof Soomaali Moore Українська Български Azərbaycan ქართული тоҷикӣ bm Oromoo Македонскиالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) "бизден эмес" деген сөзү менен үммөтүнөн кээ бир (жаман) иштерди кылгандарга катуу эскертүү берген: Биринчиси: "Куш учурган жана учурткан киши". Бул мындай: кайсы бир ишти баштаарда, сапарга чыгарда, соода кыларда ж.б. куш учуруп ырым кылат. Эгер коё берген куш оң тарапка учса, каалаган ишин баштай берет. А эгер куш сол тарапка учуп кетсе, жаман ырым кылып ишин баштабайт. Мындайды өзү кылууга да болбойт, мындайды жасаган адамга барып жасатууга да болбойт. Буга ушул сыяктуу ырымдардын баары кирет, мейли ал куш аркылуу болсун, же айбанаттар, же майып адамдар, же сандар, же күндөр аркылуу болсун айырмасы жок. Экинчиси: "Көзү ачыктык кылган жана кылдырткан киши". Жылдыздар же башка нерсе аркылуу кайып илимин билем деп айтса, же ушундай көзү ачыктык кылган сыяктууларга барып, алардын кайып илими тууралуу айтканына ишенип тастыктаса, Мухаммадка (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тушкөн нерсеге (Куранга) каапыр болот. Үчүнчүсү: "Сыйкырлаган жана сыйкыр кылдырган..." бул сыйкырчылык менен алек болгон адам, же бирөөгө пайда-зыян берүү үчүн ушундайларды пайдаланган адамдар. Ошондой эле жипти түйүн кылып түйүп ага тыюу салынган сөздөр менен дем салып сыйкыр кылган адамдар.فوائد الحديث
Аллах Таалага тобокел кылуу, Анын жазган тагдырына ыйман келтирүү важиб. Куш учуруу, жаман ырым кылуу, сыйкырчылык кылуу, көзү ачыктык кылуу жана ушуларга барып жардам суроо тыюу салынган арам иштерден.
Кайып илимин билем дештик - тавхидди алсырата турган ширк амалдарынан.
Көзү ачыкка баруу, анын айтканын тастыктоо тыюу салынган арам иш. Буга алаканга карап, чыныдагы сууга карап, жылдыз белгилерине (зодиак, гороскопко) карап кайыпты айтуу жана буга жөн эле кызыгып кароо да кирет.