Аллах жерди кармап, асмандарды түрүп, оң колуна алып, анан: "Мен - Падышамын, жердин падышалары кайда?!" - дейт

Аллах жерди кармап, асмандарды түрүп, оң колуна алып, анан: "Мен - Падышамын, жердин падышалары кайда?!" - дейт

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Аллах жерди кармап, асмандарды түрүп, оң колуна алып, анан: "Мен - Падышамын, жердин падышалары кайда?!" - дейт.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыямат күнү жерди чеңгелдеп чогултуп, асманды оң колу менен түрүп, биринин-үстүнө бирин жыйып, аны кетирип жок кылат. Кийин: Мен - Падышамын, жердин падышалары кайда?! - дейт.

فوائد الحديث

Аллахтын Падышалыгы түбөлүктүү, Андан башканын падышалыгы жок болуучу экенин эскерткен.

Аллахтын Улуктугу, Анын Кудуретинин жана Бийлигинин Күчтүүлүгү, Падышалыгынын кемчиликсиздиги (айтылган).

التصنيفات

Улук, Кубаттуу Аллахка ыйман келтирүү, Акырет күнүнө ыйман келтирүү, Аллахты Анын ысым жана сыпаттарында жалгыздоо