إعدادات العرض
Аллах кааласа, мен касам ичип кийин андан жакшы ишти көрсөм, касамымды бузуп, жакшы ишти аткара берем" - деди
Аллах кааласа, мен касам ичип кийин андан жакшы ишти көрсөм, касамымды бузуп, жакшы ишти аткара берем" - деди
Абу Муса (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Ашари уруусунан бир канча адам болуп Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мингенге улоо сурап бардык. Ал: "Аллахка ант болсун, силерге улоо бере албаймын. Менде силерге бере турган улоо жок" - деди. Арадан бир аз өткөндөн кийин ага олжого түшкөн төө келип калып, аны бизге берүүго буйруду. Биз төөнү алып кетип жатканда бири-бирибизге: Бизди Кудай урду го, Аллахтын элчисине улоо сурап барып ал бизге улоо бербеймин деп Аллахтын атына касам ичип, анан кайра улоо берип койду го деп сөз кылдык. Абу Муса (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Анан Аллахтын элчисине кайра келип оюбузду айттык. Ал: "Силерге төөнү мен берген жокмун, Аллах Таала берди. Аллах кааласа, мен касам ичип кийин андан жакшы ишти көрсөм, касамымды бузуп, жакшы ишти аткара берем" - деди.
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Hausa Português Kurdî മലയാളം Kiswahili සිංහල አማርኛ অসমীয়া ગુજરાતી Tiếng Việt دری Nederlands नेपाली پښتو ไทย Svenska Oromoo Română తెలుగు Lietuvių Malagasy ಕನ್ನಡ Српскиالشرح
Абу Муса Ашаринин (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, уруусундагы бир канча адам менен Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келет. Максаты казатка минүү үчүн Аллахтын элчисинен төө суроо эле. Аллахтын элчиси касам ичип, аларга бере турган төө жок экенин айтат. Алар кайтып кетишет. Бир канча убакыт өткөндөн кийин Аллахтын элчисине олжодон түшкөн төөнү алып келишет. Ошол төөнү аларга берет. Төөнү алгандан кийин бири-бирине: бул төөнүн берекеси болбой калат го, анткени Аллахтын элчиси төө бербеймин деп касам ичти эле, андан кийин кайра берип койду дешет. Анан кайра келип мунун жагдайын сурашат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга мындай деди: Силерге төөнү Аллах Таала берди; анткени аны ырыскы кылып, насип кылган Аллах. Мен болгону аны ишке ашырган себепчимин. Анан дагы мындай деп кошумчалады: Аллахка ант болсун, мен Аллах кааласа, кайсы нерсеге кыламын же кылбаймын деп касам ичпейин, касам ичкен нерсеге караганда жакшы ишти көрсөм, жакшы ишти аткарамын. Касамымдан кайтып анын кафаратын аткарам.فوائد الحديث
Айтып жаткан сөздү бекемдөө үчүн ал келечектин иши болсо да ал үчүн касам ичүүгө болот.
Касамдан кийин "Аллах кааласа" деген сөз менен ажыратып айтууга болот. Анткени бул ажыратууну касам менен бирге ниет кылса, экөө чогуу айтылып касамын бузган адамга каффарат болбойт.
Эгерде касам ичкен иишине караганда жакшы, пайдалуу ишти көрсө, касамын бузуп жакшы ишти аткаруу абзел.
التصنيفات
Касам жана назири