إعدادات العرض
Куран окуган ыймандуу адам цитрон сыяктуу, анын жыты да, даамы да сонун. Ал эми Куран окубаган ыймандуу адам курма сыяктуу, анын жыты жок, бирок даамдуу
Куран окуган ыймандуу адам цитрон сыяктуу, анын жыты да, даамы да сонун. Ал эми Куран окубаган ыймандуу адам курма сыяктуу, анын жыты жок, бирок даамдуу
Абу Муса ал-Ашари (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Куран окуган ыймандуу адам цитрон сыяктуу, анын жыты да, даамы да сонун. Ал эми Куран окубаган ыймандуу адам курма сыяктуу, анын жыты жок, бирок даамдуу . Куран окуган эки жүздүү (мунафык) адам райхан сыяктуу, анын жыты буркураганы менен даамы ачуу. Ал эми Куран окубаган эки жүздүү адам колоцинт сыяктуу, анын жыты да жагымсыз, даамы да ачуу”.
[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
الترجمة
العربية Bosanski English فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Türkçe اردو 中文 हिन्दी Español Kurdî Português සිංහල Svenska ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá ئۇيغۇرچە Tiếng Việt Hausa Kiswahili پښتو অসমীয়া دری or Malagasy Čeština नेपाली Oromoo Română Nederlands Soomaali తెలుగు മലയാളം Српски ไทย Kinyarwanda ಕನ್ನಡ Lietuvių Wolof ქართული Magyar Moore Українськаالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куранды окуган жана андан пайдаланган адамдардын түрлөрүн баяндаган: Биринчиси: Куранды окуп, андан пайдаланган ыймандуу адам. Ал цитрон деп аталаган өсүмдүктүн мөмөсү сыяктуу, анын даамы да жакшы, жыты жана түсү да жакшы. Анын пайдасы көп, ал окуганына амал кылат жана башка пенделерге да пайдасын тийгизет. Экинчиси: Куранды окубаган ыймандуу адам. Ал курма сыяктуу, даамы таттуу, бирок анын жыты жок. Курма даамды ичине ороп алып, бирок анын адамдар жыттай турган жагымдуу жыты жок болгон сыяктуу, тиги адамдын жүрөгү ыйманды ороп алган, бирок адамдар угуп ырахат ала тургандай Куранды окубайт. Үчүнчүсү: Куран окуган мунафык. Ал Райхан сыяктуу, анын жыты жагымдуу бирок даамы ачуу. Б.а. анын жүрөгү ыйман менен оңдолгон эмес, Куранга да амал кылбайт, адамдардарын арасында өзүн мусулман сыяктуу көрсөтөт. Жыты жакшы деп анын Куран окуганын окшоткон. Даамы ачуу деп анын каапырлыгын окшоткон. Төртүнчү: Куран окубаган мунафык. Ал колоцинт сыяктуу, анын жыты да жок, даамы да ачуу. Анын жытынын жоктугун Куран окубаганына окшоткон; Куран окубагандыгы үчүн. Даамынын ачуулугун каапырлыгынын ачуулугуна окшоткон. Ичи да ыймандан бош, сырткы иштери да пайдасыз, тагыраагы, зыяндуу.فوائد الحديث
Куран жаттап, ага амал кылгандын артыкчылыгын баяндоо.
Таалим берүүнүн жакшы жолдорунун бири мисал келтирүү, мындайда түшүнүү жеңил болот.
Мусулман адам Аллахтын китебин ар дайым окуп туруусу керек.
التصنيفات
Куранга көңүл буруунун артыкчылыгы