إعدادات العرض
?Силер яхудийлер менен согушмайынча Кыямат болбойт. Ошондо таштын артында яхудий турса, таш: «Эй мусулман, менин артымда бир жөөт бар, аны өлтүр!» - деп айтат
?Силер яхудийлер менен согушмайынча Кыямат болбойт. Ошондо таштын артында яхудий турса, таш: «Эй мусулман, менин артымда бир жөөт бар, аны өлтүр!» - деп айтат
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Силер яхудийлер менен согушмайынча Кыямат болбойт. Ошондо таштын артында яхудий турса, таш: «Эй мусулман, менин артымда бир жөөт бар, аны өлтүр!» - деп айтат».
الترجمة
عربي English မြန်မာ Svenska cs ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands اردو Español Bahasa Indonesia ئۇيغۇرچە বাংলা Türkçe Bosanski සිංහල हिन्दी Tiếng Việt Hausa മലയാളം తెలుగు Kiswahili ไทย پښتو অসমীয়া Shqip دری el bg ff it kn Lietuvių mg or ro rw Soomaali Српски тоҷикӣ uz नेपाली mosالشرح
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мусулмандар менен яхудийлер бири-бири менен согушмайынча Кыямат болбойт деп кабар берди. Яхудий мусулмандардан жашынуу үчүн таштын артына качканда Аллах ташты сүйлөтүп, мусулманга мындай деп айтат: «Менин артымда бир яхудий бар, аны келип өлтүр!».فوائد الحديث
Аллах Таала Пайгамбарга, саллаллаху алейхи уа саллам, билгизгендей, кээ бир кайыптар жана келечектеги боло турган окуялар туурасында кабар берди. Пайгамбарыбыздын айткан кабарлары сөзсүз болот.
Мусулмандардын акыр заманда яхудийлер менен согушуусу - бул кыяматтын белгилеринин бири.
Ислам дининин Кыяматка чейин сакталышы жана бардык диндерден үстөм болушу.
Аллах мусулмандарга душмандарынын үстүнөн жеңиш берет. Аны менен кошо акыр заманда ташты сүйлөтөт.
التصنيفات
Кабыр жашоосу