إعدادات العرض
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге болчумун. Ал адамдар таштандыларын таштаган жерге барды да, туруп заара кылды
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге болчумун. Ал адамдар таштандыларын таштаган жерге барды да, туруп заара кылды
Хузайфа (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге болчумун. Ал адамдар таштандыларын таштаган жерге барды да, туруп заара кылды. Мен алысыраак турдум эле: "Жакыныраак кел" - деди. Мен ага жакын келип артына турдум. Ал даарат алып, эки маасысына масх тартты.
[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी සිංහල ئۇيغۇرچە Hausa Português Kurdî Kiswahili دری অসমীয়া ไทย Tiếng Việt አማርኛ Svenska Yorùbá ગુજરાતી नेपाली Oromoo Română മലയാളം Nederlands Soomaali پښتو తెలుగు Kinyarwanda ಕನ್ನಡ Malagasy Српски Moore ქართული mr Українськаالشرح
Хузайфа бин Йамандын (аларга Аллах ыраазы болсун) айтымында, ал пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге болчу. Пайгамбар заара кылмакчы болуп, адамдар таштанды таштаган жерге кирди: ал жерге адамдар эшик алдын шыпырганда чыккан топурак, шыпырындыларын таштачу. Ал тике туруп заара ушатты, адатта көбүнчө отуруп заара кылчу. Хузайфа андан алысыраак турса, ал аны жакын кел деп чакырат. Хузайфа ага жакын келип, анын артына бутунун жанына турат. Муну ал аны башкалардан тосуп туруу үчүн кылган. Андан кийин пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) даарат алып, бутун жубарга келгенде эки маасысына масх тартат. Маасы дегени - жука териден же башка ушул сыяктуу нерседен тигилген, буттун томугун жаап турган бут кийим. Ал экөөнү чечкен эмес.فوائد الحديث
Маасыга масх тартуу шариятта бар.
Заарадан эч нерсе чачырабай турган болсо, туруп заара кылууга уруксат.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) шыпырынды, топурак таштаган жерди тандаганы, ал жер жумшак болуп, заара кылган адамга заара чачырабайт.