Мисвак колдонуу оозду тазартат жана Раббимдин ыраазылыгына жеткирет

Мисвак колдонуу оозду тазартат жана Раббимдин ыраазылыгына жеткирет

Айша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Мисвак колдонуу оозду тазартат жана Раббимдин ыраазылыгына жеткирет».

[Сахих (ишенимдүү)] [Ан-Насааи жана Ахмад жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул хадисте аль-Арак дарагынын таякчасы, б.а. мисвак менен тишти тазалоону жана ал мисвак ооздон жагымсыз жыттарды кетире турганын бизге кабарлап жатат. Мисвак колдонуу Аллахтын пендесинен ыраазы болушунун себептеринин бири. Анткени пенде мисвакты Аллахка моюн сунганы үчүн жана Анын буйругуна жооп бергени үчүн колдонуп жатат. Жана аны колдонууда Аллах Таала сүйгөн тазалык бар.

فوائد الحديث

Мисвактын көп пайдасы бар жана Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өз үммөтүн мисвакты көп колдонууга кызыктыруусу.

Арак дарагынын шактарынан жасалган мисвакты колдонуу жакшыраак. Бирок тиш щеткасын жана пастасын колдонуу мисвактын ордуна жарайт.

التصنيفات

Таза табияттын сүннөттөрү