?Дин — бул насаат» - деп айтты. Ошондо биз: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким үчүн?» - деп сурадык. Ал: «Аллах үчүн, Аллахтын Китеби үчүн, Аллахтын Элчиси үчүн, мусулмандардын…

?Дин — бул насаат» - деп айтты. Ошондо биз: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким үчүн?» - деп сурадык. Ал: «Аллах үчүн, Аллахтын Китеби үчүн, Аллахтын Элчиси үчүн, мусулмандардын башчылары үчүн жана жалпы мусулмандар үчүн» - деп айтты

Тамим ад-Даари, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Дин — бул насаат» - деп айтты. Ошондо биз: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким үчүн?» - деп сурадык. Ал: «Аллах үчүн, Аллахтын Китеби үчүн, Аллахтын Элчиси үчүн, мусулмандардын башчылары үчүн жана жалпы мусулмандар үчүн» - деп айтты».

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Ислам динин кармануу - чын ыкластуулукка жана чынчылдыкка негизделгенин, Аллах буйругандай толук, кемчиликсиз жана алдамчылыксыз менен аткарылышын айтты. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан: «Насаат кимге берилет?» - деп сурашканда ал мындай деп айтты: Биринчиси: Насаат Аллах Таала үчүн б.а. чын-ыкластан Аллах үчүн иш-аракеттерди аткаруу, Ага шерик кошпоо. Ага рубубиятта, улухиятта жана ысым-сыпаттарында ыйман келтирүү, Анын буйругун бийик тутуп аткаруу жана Ага ыйман келтирүүгө чакыруу. Экинчиси: Насаат Аллахтын Китеби үчүн, ал Ыйык Куран б.а. бул Аллахтын сөзү, китептеринин акыркысы экендигине жана ал Куран өзүнөн мурунку бардык шарият мыйзамдарын жокко чыгарганына ишенүүбүз, Аны урматтообуз жана аны туура окуубуз керек. Андагы мухкам аяттарга амал кылуубуз жана муташабих аяттарга моюн сунуубуз. Аны бурмалоочулардын чечмелөөсүнөн коргообуз. Анын насааттарын, анын илимин таралуусун жана ага чакырууну этибарга алуубуз керек. Үчүнчүсү: Насаат Аллахтын элчиси Мухаммад, саллаллаху алейхи уа саллам, үчүн б.а. ал элчилердин акыркысы экенине ишенүүбүз жана ал алып келген нерсени тастыктообуз, анын буйруктарына баш ийүүбүз жана тыюу салган нерселеринен сактануубуз, ал алып келген нерсе менен гана Аллахка ибадат кылуубуз, анын акысын улуктообуз, урматтообуз, анын даават, шарият мыйзамын жайылтуубуз жана Ага коюлган дооматтарды четке кагуубуз керек. Төртүнчүсү: Насаат мусулмандардын башчылары үчүн б.а. бул мусулмандардын башчыларына акыйкатты жайылтууда жардам берүү, алар менен бир иштерде талашып-тартышпоо жана Аллахка ибадат кылууда аларды угуп жана аларга моюн сунуу керек. Бешинчиси: Насаат жалпы мусулмандар үчүн б.а. бул жалпы мусулмандарга жакшылык кылуу жана аларга даават кылуу, аларга зыян жеткирүүдөн тыйылуу, аларга жакшылыктын жетүүсүн жакшы көрүү жана алар менен жакшылыкта жана такыбалыкта жардамдашуу.

فوائد الحديث

Насаат кылууга буйруу бардык адамдар үчүн.

Ислам дининдеги насаат макамынын улуулугу.

Ислам дини ички ишенимдерди, тил амалдарын жана дене амалдарын камтыйт.

Насаат – бул насаат кылынган адамды алдамчылыктан тазалап, ага жакшылык каалоо.

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, таалимди жакшы берүүсү. Анткени Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир нерсени жалпылап айтып, андан соң аны майда-чүйдөсүнө чейин айтып берген.

Негизги нерселердин эң негизгисинен баштоо. Мына ошондуктан Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, насаат Аллах үчүн андан кийин Аллахтын Китеби үчүн, андан кийин Аллахтын Элчиси үчүн, андан кийин мусулмандардын башчылары үчүн, андан кийин жалпы мусулмандар үчүн деп эң негизгисинен баштады.

التصنيفات

Имамдын кол алдындагыларга карата акысы (укугу), Имамдын кол алдындагыларга карата акысы (укугу)