إعدادات العرض
Кишинин (мечитте) жамаат менен окуган намазы, анын үйүндө же базарында окуган намазынан жыйырма канча даража ашыкча болот.
Кишинин (мечитте) жамаат менен окуган намазы, анын үйүндө же базарында окуган намазынан жыйырма канча даража ашыкча болот.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кишинин (мечитте) жамаат менен окуган намазы, анын үйүндө же базарында окуган намазынан жыйырма канча даража ашыкча болот. Бул мындай, эгер алардын бири даарат алганда жеткиликтүү даарат алса, анан намаз окуу үчүн гана мечитке келсе, анын ар бир шилтеген кадамына даражасы көтөрүлөт, ошого жараша катасы өчүрүлөт. Ошентип мечитке кирип, канча убакыт намазды күтүп отурса, намазда отургандай эсептелет. Силерден бирөөңөр намаз окуган ордунда отурса, анын даараты бузулбаса же бирөөгө зыян тийгизбесе, периштелер ага дуба кылып: Аллахым, ага ырайым кыл. Аллахым, аны кечир. Аллахым, анын тобосун кабыл кыл дешет".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Hausa Kurdî Português සිංහල Svenska ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Tiếng Việt Kiswahili پښتو অসমীয়া دری or Malagasy नेपाली Čeština Oromoo Română Nederlands తెలుగు മലയാളം ไทย Српски Kinyarwanda ಕನ್ನಡ Lietuvių Shqip Wolof Українська ქართული Moore Magyarالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адам намазды жамаат менен окуса, анын бул намазы үйдө же базарда окуган намазынан жыйырма канча барабар абзел болорун айткан. Анан мунун себебин чечмелеген: Киши дааратын толук, жеткиликтүү алып, анан намаз окуу ниети менен мечитке жөнөсө, таштаган кадамына жараша мартабасы жана орду жогорулайт, ошондой эле ошого жараша каталары өчүрүлөт. Мечитке киргенден кийин намазды күтүп отурса, күтүп отурган учурунда да намаз окугандын сооп-сыйын алат. Ал намаз окуган орунунда отурганда периштелер ага дуба кылат: "Аллахым, ага ырайым кыл. Аллахым, аны кечир. Аллахым, анын тобосун кабыл кыл" дешет. Эгер ал дааратын сындырбаса же адамдарга же периштелерге зыян тийгизе турган иш кылбаса.فوائد الحديث
Адамдын үйүндө же базарда жалгыз окуган намазы жарактуу, бирок жамаатты себепсиз калтырганы үчүн күнөөкөр болот.
Мечитте жамаат менен окулган намаз, адамдын өзү жалгыз окуган намазынан жыйырма беш же жайырма алты, же жыйырма жети барабар абзел.
Периштелердин озуйпаларынын бири - ыймандуу пенделерге дуба кылуу.
Мечитке даарат менен баруу артыкчылыктуу иш.