إعدادات العرض
Ыймандуулар бири-бирин жакшы көрүүдө, ырайым кылууда жана жардам берүүдө бир бүтүн дене сыяктуу, дененин бир мүчөсү ооруса, уйкусуздукта жана ысытмада ага бардык…
Ыймандуулар бири-бирин жакшы көрүүдө, ырайым кылууда жана жардам берүүдө бир бүтүн дене сыяктуу, дененин бир мүчөсү ооруса, уйкусуздукта жана ысытмада ага бардык мүчөлөр шерик болот
Нуъман бин Башир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ыймандуулар бири-бирин жакшы көрүүдө, ырайым кылууда жана жардам берүүдө бир бүтүн дене сыяктуу, дененин бир мүчөсү ооруса, уйкусуздукта жана ысытмада ага бардык мүчөлөр шерик болот".
[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog اردو 中文 हिन्दी Hausa Kurdî Português සිංහල Svenska ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá ئۇيغۇرچە Tiếng Việt Kiswahili پښتو অসমীয়া دری or Türkçe Malagasy नेपाली Čeština Oromoo Română Nederlands Soomaali తెలుగు മലയാളം ไทย Српски Kinyarwanda ಕನ್ನಡ Lietuvių Wolof Українська ქართული Moore Magyarالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дене мүчөлөрүнөн бир мүчө ооруса, башка мүчөлөрү да уйкусуздукта жана ысытмалоодо ага шерик болгондой, мусулмандар да бири-бирине жакшылык кылууда, ырайым кылууда, жардам берип, көмөктөшүүдө, бирине зыян тийсе аны сезүүдө бир дене сыяктуу болуу керек экендигин айткан.فوائد الحديث
Мусулмандардын укугун сактоо, аларга жардам берүү жана бири-бири менен тыгыз мамиледе болуу зарыл.
Ыймандуулардын ортосунда махабат жана көмөктөштүк болууга тийиш.
التصنيفات
Ислам