إعدادات العرض
Кимде-ким никенин акысын бере алса, анда үйлөнсүн. Анткени үйлөнүү көзгө көшөгө жана зынадан коргоочу болот. Кимде-ким никенин акысын бере албаса, анда ага орозо…
Кимде-ким никенин акысын бере алса, анда үйлөнсүн. Анткени үйлөнүү көзгө көшөгө жана зынадан коргоочу болот. Кимде-ким никенин акысын бере албаса, анда ага орозо кармоо зарыл, анткени орозо аны бычкан сыяктуу шакыбатын токтотот
Абдуллах бин Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге болчубуз. Бир маалда ал мындай деди: "Кимде-ким никенин акысын бере алса, анда үйлөнсүн. Анткени үйлөнүү көзгө көшөгө жана зынадан коргоочу болот. Кимде-ким никенин акысын бере албаса, анда ага орозо кармоо зарыл, анткени орозо аны бычкан сыяктуу шакыбатын токтотот".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Hausa Português Kurdî සිංහල অসমীয়া Kiswahili Tiếng Việt አማርኛ ગુજરાતી Nederlands پښتو नेपाली മലയാളം ไทย Svenska Română Malagasyالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялынын жыныстык кумарын кандырууга жарактуу жана аны каржылоого мүмкүнчүлүгу бар жигиттерди батыраак үйлөнүүгө үндөгөн. Анткени, үйлөнүү адамды көзүн арамга артуудан, зынага же башка бузук ишке баруудан сактайт. Ал эми нике менен бүлөсүн каржылоого мүмкүнчүлүгү жок бирок жыныстык катнашка жарактуу болсо, анда аны орозо кармоого үндөйт. Анткени, орозо адамдын кумар каалоосун басаңдатат.فوائد الحديث
Ислам дини жаман, бузуку иштерден сак болууну алдын алат.
Ошондой эле никенин акысын бере албагандарды орозо кармоого үндөгөн; анткени орозо адамдын кумар каалоосун басаңдатат.
Орозону "бычып коюуга" окшоткону, бычканда уруктук чыгуучу бездер алып салынып аны менен кошо кумар каалоосу жоголот. Ошол сыяктуу орозо да кумар каалоону алсыздатат.