إعدادات العرض
Колуңду ооруган жериңе коюп үч жолу: "Бисмиллах" деп айткын. Анан жети жолу: "Өзүм сезген жана кооптонгон ушул ооруунун жамандыгынан коргоо тилеп, Аллахка жана анын…
Колуңду ооруган жериңе коюп үч жолу: "Бисмиллах" деп айткын. Анан жети жолу: "Өзүм сезген жана кооптонгон ушул ооруунун жамандыгынан коргоо тилеп, Аллахка жана анын кудуретине сыйынам!
Усман бин Абу Аас Сакафи (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) динге киргенден бери денесинен бир жери ооруп жатканын айтып даттанат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага мындай дейт: Колуңду ооруган жериңе коюп үч жолу: "Бисмиллах" деп айткын. Анан жети жолу: "Өзүм сезген жана кооптонгон ушул ооруунун жамандыгынан коргоо тилеп, Аллахка жана анын кудуретине сыйынам!
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tiếng Việt සිංහල Kurdî Português Nederlands অসমীয়া Kiswahili ગુજરાતી አማርኛ پښتو ไทย Hausa Română മലയാളം Deutsch नेपाली Oromoo ქართული Moore Magyar తెలుగుالشرح
Усман бин Абу Аас (ага Аллах ыраазы болсун) аны өлүмгө алып бара тургандай катуу ооруп калат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны кабар алып келип, Аллах Таала андан ооруну кетире турган дубаны ага үйрөтөт. Бул дуба мындай: алгач колун ооруган жерине койот. Анан үч жолу "Бисмиллах" дейт. Андан кийин: "Өзүм сезген жана кооптонгон ушул ооруунун жамандыгынан коргоо тилеп, Аллахка жана анын кудуретине сыйынам" деп жети жолу айтат. Кооптоном дегени, келечекте мени кайгыга жана коркунучка салуусунан, же оору бут денеме жайылып кетүүсүнөн чочулайм деген маани.فوائد الحديث
Ушул хадисте айтылгандай дуба кылып адам өзүнө дем салганы жакшы.
Даттануу эгер тагдырга каршылыкшыз болсо жана кейүү менен коштолбосо, анда тобокел жана сабырга каршы келбейт.
Дуба себепти аткаруунун бир түрү. Ошон үчүн анын сөздөрүнө жана сандарына маани берүү керек.
Бул дуба бардык дене оорууларына жарактуу.
Бул дубаны айткан учурда колду ооруган жерге коюу керек.
التصنيفات
Шарият жолундагы дем салуу