(Нике окулуп) аялды адал кылган учурда коюлган шарттар - сөзсүз аткарыла турган шарттардан

(Нике окулуп) аялды адал кылган учурда коюлган шарттар - сөзсүз аткарыла турган шарттардан

Укба бин Аамир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "(Нике окулуп) аялды адал кылган учурда коюлган шарттар - сөзсүз аткарыла турган шарттардан".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аткарылуусу зарыл болгон шарттар булар аялга кошулуунун адал болуусуна себеп болгон шарттар экенин баяндаган. Бул шарттар нике келишими учурунда аял эркектен талап кылган мубах (ыктыярдуу) шарттар.

فوائد الحديث

Жубайлар бири-бирине койгон шарттарды аткаруулары важиб, бирок арамды адал, адалды арам кылуучу шарттар болуп калса, аткарылбайт.

Нике келишиминдеги шарттар башка шарттарга караганда аткарылуусу зарыл. Анткени бул шарттар аял менен кошулууну адал кылуучу шарттар.

Исламда үйлөнүүнүн (жубайлыктын) орду маанилүү, карасаң андагы шарттардын аткарылуусу да бекемделген.

التصنيفات

Никедеги шарттар