Умар ибн аль-Хаттаб, радыяллаху анху, мындай деди: «Күндөрдүн биринде биз Аллахтын элчисинин жанында олтурган элек. Ошол учурда жаныбызга аппак кийимчен, чачтары капкара болгон бир киши келди. Анын кейпинде мусапырлык белги да жок, эч кимибиз аны тааныбайт да экенбиз. Ал келип эле Аллахтын элчисинин тизесине тизесин тийгизип, колдорун сандарына коюп олтурду да: – Оо, Мухаммад! Мага Ислам жөнүндө айтып бер. - Деди. Аллахтын элчиси: – Ислам – бул Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине жана Мухаммад Анын элчиси экендигине күбөлүк берүүң, намазды толук аткарууң, зекет берүүң, Рамазан орозосун тутууң жана күчүң жетсе каабага ажылык кылууң. - Деп жооп берди. Жанагы киши: – Туура айттың. - Деди. Биз анын суроо берип, кайра өзү тастыктап жатканына таң калдык. Андан кийин ал: – Эми мага Ыйман жөнүндө айтып бер. - Деп сурады. Аллахтын элчиси: – Ыйман – бул Аллахка, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын пайгамбарларына, акырет күнүнө жана жакшылык менен жамандык тагдырдан болоруна ишенүүң. - Деп жооп берди. Ал киши: – Туура айттың. - Деди. Анан: – Эми мага Ихсан жөнүндө айтып бер. - Деди. Аллахтын элчиси: Ихсан – бул сен Аллахты көрүп турганыңдай Ага сыйынууң. Сен Аны көрбөсөң да, Ал сени сөзсүз түрдө көрүп турат. - Деп жооп берди. Ал киши: – Кыямат качан болорун айтып бер. - Деди. Аллахтын элчиси: – Бул жөнүндө суралуучу сурап жаткандан артык билбейт. - Деп жооп берди. Ал киши: – Андай болсо, мага кыяматтын белгилери туурасында айтып бер. - Деди. Ал айтты: – Күңдөн өзүнүн кожоюну төрөлөт, жылаң аяк, киерге кийими жок кедей малчылар бийик-бийик имараттарды курууда бири-бири менен атаандашканына күбө болосуң. - Деп жооп берди. Умар айтты: «Андан кийин ал киши кетип калды. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин Аллахтын элчиси менден: – Эй, Умар! Суроо узаткан киши ким экенин билесиңби? - Деп сурады. Мен: – Аллах жана Анын элчиси жакшы билет. - Деп жооп бердим. Ошондо ал: – Чындыгында, ал Жебреил периште болчу. Силерге диниңерди үйрөткөнү келген эле. - Деп айтты».

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Умар ибн аль-Хаттаб, радыяллаху анхуга, Жебреил периште сахабаларга белгисиз бир кишинин кейпинде келгендигин кабарлап жатат. Ал кишинин сыпаттары – кийими өтө аппак, чачы өтө кара. Чарчагандай, чаң баскандай, чачы жүдөгөй, кийими кирдегендей болуп сапардын белгиси көрүнбөйт. Ал жерде отургандардын эч кимиси аны тааныбайт. Алар Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менен бирге отурганда, ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына үйрөнүүчү катары отуруп, андан Ислам жөнүндө сурады. Ошондо Пайгамбар ага эки күбөлүккө моюн сунуу, беш убак намазды окуу, татыктууларга зекет берүү, Рамазан айынын орозосун кармоо жана мүмкүнчүлүгү барларга ажылык парзын аткаруу сыяктуу Ислам түркүктөрүн айтып жооп берди. Суроо узаткан: Туура айттың деп айтты. Ошондо, сахабалар анын бул суроолорду билбестигинен сурап анан аны тастыктап жатканына таң калышты. Андан кийин ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан, ыйман жөнүндө сурады. Ошондо ал Аллах Тааланын бар экенин жана Анын сыпаттарына ыйман келтирүү тууралуу, жаратуу сыяктуу иштерде Аллах жалгыз экенин, ибадат Жалгыз Ага гана болоорун айтты. Жана Аллах нурдан жараткан периштелер алар Аллах Таалага каршы чыгышпайт, Анын буйругу менен иш кылышат, ар дайым ибадатта болушат деп аларды айтты. Жана Пайгамбарларга Аллах Тааладан түшүрүлгөн Куран, Тоорат, Инжил ж.б. китептерге жана Аллахтын динин Аллахтын атынан жеткирген элчилерге, алардын арасынан Нух, Ибрахим, Муса, Иса, жана акыркы пайгамбар Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламга ж.б. пайгамбарларга жана элчилерге ыйман келтирүү деп айтты. Жана Акырет күнүнө ыйман келтирүүнү айтты. Акырет күнүнө ыйман келтирүүгө өлгөндөн кийин кабырда боло турган нерселер, Барзах ааламындагы жашоо, адамдын өлгөндөн кийин кайра тирилүүсү, сурак берээри жана анын кайра барар жери Бейиш же Тозок болоору ж.б.у.с. нерселер кирээрин айтты. Жана Аллахтын бардык нерселерди Өзүнүн алдын ала билгенине, даанышмандыгына, жазуусуна жараша тагдыр кылганына ыйман келтирүүнү айтты. Жана ал нерселер Аллахтын каалоосу менен болоору жана алардын ишке ашуусу Аллахтын тагдыр кылганына жана жаратканына жараша болооруна ыйман келтирүү деп алты түркүктүн баарын айтып жооп берди. Андан кийин ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан, ихсан жөнүндө сурады. Ага Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ихсан бул Аллахты көрүп тургандай ибадат кылуу экенин айтты. Эгерде ал ихсандын бул даражасына жетпесе, анда Аллах Таала аны көрүп тургандай ибадат кылсын. Ихсандын биринчи даражасы – бул Аллахты көрүп тургандай ибадат кылуу. Ал эң жогору даража. Ал эми экинчи даражасы – бул Аллах Таала аны көзөмөлдөп тургандай ибадат кылуу. Андан кийин ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан, Кыямат качан болорун сурады. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Кыяматтын качан болорун билүү Аллахтын Өз илимине жашырылган нерсе экенин жана аны макулуктардан эч ким, жада калса ал жөнүндө суралуучу да, сурап жаткан да билбей турганын баяндады. Андан кийин Пайгамбардан Кыяматтын белгилери жөнүндө сурады. Кыяматтын белгилеринен күң аялдардын жана алардын балдарынын көптүгү, же күңгө мамиле кылгандай энелерине баш ийбеген балдардын көптүгү. Жана Акыр заманда чабандар жана кедейлер үчүн дүнүйө кеңейип, алар имараттарды жасалгалоо жана куруу менен сыймыктанышы тууралуу айтты. Андан кийин Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бул суроону сахабаларга ушул акыйкат динди үйрөтүү үчүн келген Жабраил периште экенин айтты.

فوائد الحديث

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, жакшы кулк-мүнөзү жана анын сахабалары менен отурушу жана сахабалар аны менен бирге отурушу.

Тынчсызданбай, коркпой сураш үчүн суроо берүүчүгө боорукер болуу жана аны жакын тутууга шарт түзүү.

Мугалим менен болгон адеп. Бул Жебреил периштенин Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына андан илим алуу үчүн адептүү болуп отурушу.

Исламдын түркүгү бешөө, ал эми ыймандын негиздери алтоо.

Ислам менен ыйман сүйлөмдө чогуу келгенде Ислам тышкы иштерди, ал эми ыйман ички иштерди түшүндүрөт.

Динде ар кандай даражалар бар экенин баяндоо.

Биринчи даража: Ислам, экинчи: Ыйман жана үчүнчү даража: Ихсан. Бул ихсан даражалардын эң жогоркусу.

Суроочудагы негизги нерсе бул билимсиздик. Сабатсыздык суроо бөрүүгө түрткү болот. Ошондуктан сахабалар ал кишинин суроо берип анан аны тастыктаганына таң калышты.

Эң негизги нерседен баштоо. Анткени Исламды чечмелөөдө эки күбөлүк келиме менен башталып, ыйманды чечмелөөдө Аллахка ыйман келтирүү менен башталды.

Суроо узаткан адам башкалар билсин деп билген нерсесин аалымдардан суроосу.

Кыяматтын качан болорун билүү илими – бул Аллах сактап койгон илим.

التصنيفات

Акыйда (ишеним)