إعدادات العرض
Кимде-ким тамак жеп бүткөндөн кийин: "Алхамду лиллаахил-лази атъамани хаза ва розаканиихи мин гойри хавлин уа лаа кувватин" (Менден эч кандай күч-кубат талап кылбай,…
Кимде-ким тамак жеп бүткөндөн кийин: "Алхамду лиллаахил-лази атъамани хаза ва розаканиихи мин гойри хавлин уа лаа кувватин" (Менден эч кандай күч-кубат талап кылбай, ушул тамакты жедирип, ырыскы берген Аллах Таалага алкыш-мактоолор болсун) деп айтса, анын өткөн (майда) күнөөлөрү кечирилет
Сахл бин Муаз бин Анас атасынан риваят кылып айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким тамак жеп бүткөндөн кийин: "Алхамду лиллаахил-лази атъамани хаза ва розаканиихи мин гойри хавлин уа лаа кувватин" (Менден эч кандай күч-кубат талап кылбай, ушул тамакты жедирип, ырыскы берген Аллах Таалага алкыш-мактоолор болсун) деп айтса, анын өткөн (майда) күнөөлөрү кечирилет.
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Hausa Kurdî Português සිංහල አማርኛ অসমীয়া Kiswahili Tagalog Tiếng Việt ગુજરાતી Nederlands پښتو नेपाली മലയാളം Svenska ไทย Românăالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тамак жеген адам: бул тамакты табууга, аны жегенге менин кудуретим жок эле, Аллахтын жардамы менен гана тамак таап жей алдым деп, Аллахка алкыш-мактоо айтууга үндөгөн. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким ушинтип айтса, Аллах Таала анын мурда жасаган майда күнөөлөрүн кечиришине татыктуу болорун сүйүнчүлөгөн.فوائد الحديث
Тамак жеп бүткөндөн кийин Аллах Таалага алкыш-мактоо айтуу жакшы иш.
Аллах Тааланын пенделерине берешендиги улуу. Пенделерине ырыскы берет, ырыскы алуунун жолун жеңил кылат, анан да ошол ырыскыны жеп мактоо айтканы үчүн күнөөлөрүн кечирет.
Пенденин ар бир иши Аллахтын жардамы менен болот, өзүнүн күч-кубаты менен болбойт. Пенде себептерди аткарууга гана буйрулган.
التصنيفات
Кокустук иштерде айтылчу зикирлер