إعدادات العرض
Кимде-ким: Аллахтын аты менен баштаймын. Анын аты менен башталган нерсеге жер бетинде да, асманда да эч ким зыян жеткире албайт. Ал Угуучу, Билүүчү" деп үч жолу…
Кимде-ким: Аллахтын аты менен баштаймын. Анын аты менен башталган нерсеге жер бетинде да, асманда да эч ким зыян жеткире албайт. Ал Угуучу, Билүүчү" деп үч жолу айтса, таң атканга чейин ага кокустан балээ-кырсык келбейт
Абан бин Усман айтат: Усман бин Аффан (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисинен уктум деп бул хадисти айтып жатканын уктум: "Кимде-ким: Аллахтын аты менен баштаймын. Анын аты менен башталган нерсеге жер бетинде да, асманда да эч ким зыян жеткире албайт. Ал Угуучу, Билүүчү" деп үч жолу айтса, таң атканга чейин ага кокустан балээ-кырсык келбейт. Кимде-ким бул дубаны таң атканда үч жолу айтса, кеч киргенге чейин ага кокустан балээ-кырсык келбейт". Кийин Абан бин Усман шал оорусу менен ооруп калды. Андан жогорудагы хадисти уккан бир киши аны суроолуу карап калды. Усман ага: Сага эмне болду, мени таңыркап карайсың? Аллахка ант болсун, мага Усман бин Аффан жалган айткан эмес. Усманга да пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жалган айткан эмес. Болгону, мага ушул балээ келген күнү мен (бирөөгө) ачууланып, жогорудагы дубаны айтпай унутуп калыпмын - деди.
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Bahasa Indonesia Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Français Tiếng Việt ئۇيغۇرچە Kurdî Português සිංහල Русский Nederlands অসমীয়া Kiswahili ગુજરાતી አማርኛ پښتو ไทย Hausa Română മലയാളം Deutsch Oromoo नेपाली ქართული Moore Magyar తెలుగుالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күн сайын таң аткандан кийин жана кечинде күн батардан мурда үч жолудан ушул дубаны айтса, ага балээ-кырсык болбостугун баяндаган: "Аллахтын ысымы менен" бардык зыяндуу нерселерден сактанамын. "Ал Аллах Анын аты зикр кылынса эч нерсе зыян тийгизе албайт". Ал нерсе "жердеги" кандай чоң нерсе болбосун, же жерден сырткары балээлерден болсун, "асмандагы" асмандан түшүүчү балээлерден болсун эч бири зыян бербейт. "Ал Аллах биздин сөздөрүбуздү "Угуучу" биздин абалдарыбызды "Билүүчү". . Кимде-ким бул дубаны кечинде айтса, таң атканга чейин ага кокустук балээлер келбейт. Ал эми ким таң эрте айтса, кеч киргенге чейин ага кокустук балээлер келбейт. Кийин бул хадисти айтып өткөргөн Абан бин Усманга шал оорусу тиет. Шал оорусу дегени, адамдын бир жак ыптасы иштебей калат. Ошондо андан жогорудагы хадисти уккан кишилердин бири аны таң калып карайт. Усман ага: Неге таң калып карайсың?! Аллахка ант болсун, мен Усмандан жалган нерсени айткан жокмун. Усман да пайгамбардан жалган нерсени айткан жок. Болгону, мага ушул оору тийген күнү Аллах Таала бул дубаны айтууну тагдырыма жазбаптыр. Мен бир нерсеге ачууланып, бул сөздөрду айтууну унутуп калыпмын - деди.فوائد الحديث
Аллахтын уруксаты менен адам кокус келүүчү балээ, зыяндардан ж.б.у.с. нерселерден корголуп туруусу үчүн, бул зикрди эртең менен жана кечинде айтып жүргөн жакшы.
Мурдагы өткөн мусулмандардын Аллахка болгон ишеними бекем жана Аллахтын элчисинин айтканын тастыктоосу күчтүү болгон.
Эртең менен жана кечинде зикр кылып туруунун бир пайдасы - мусулманды кайдыгерликтен ойготуп, ага дайыма Аллахтын кулу экендигин эскертип турат.
Зикрдин таасири зикр кылган адамдын ыйманынын бекемдигине, берилүүсүнө жана ыкласына жараша болот.