Ар бир мусулман жети күндө бир жуунууга милдеттүү, ошол күндөрдө башын жана денесин жууйт

Ар бир мусулман жети күндө бир жуунууга милдеттүү, ошол күндөрдө башын жана денесин жууйт

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Ар бир мусулман жети күндө бир жуунууга милдеттүү, ошол күндөрдө башын жана денесин жууйт".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, кабар берди: "Ар бир акыл-эси жайында болгон бойго жеткен мусулман үчүн жуманын жети күнүндө бир күн жуунуп туруу жана бул күнү тазалыкка умтулуу менен башын жана денесин жууп туруу – мусулмандын милдети. Ал эми бул күндөрдүн биринчиси, кээ бир риваяттарда айтылгандай жума күн. Бейшемби күнү жуунуп алса да жума күнү намаздан мурда жуунуу бекемделген мустахаб (9) амал. Жума күнү жуунуу важиб деген өкүмдөн буруучу нерсе ал Аиша, радыяллаху анханын, сөзү: "Адамдар өз иштери менен алектенишчү, жума намазга барганда кадимки көрүнүшү менен барышчу. Ошондуктан аларга мындай деп айтылды: "Жуунсаңар болмок". Имам Бухари риваят кылган. Ал эми Имам Бухаринин башка риваятында: "Алар жыттанып турчу" б.а. тер жана ушуга окшогондордун жыты бар эле. Ошого карабастан, аларга: "Жуунсаңар болмок» - деп эле айтылган болсо, анда алардан башкаларга айтуу да ылайыктуураак.

فوائد الحديث

Ислам дини тазалыкты сактайт жана ага көңүл бурат.

Жума күнү намазга жуунуу бекемделген мустахаб амал.

Хадисте дене жөнүндө сөз болсо дагы "башты" деп өзүнчө айтылуусу ага көңүл бурууну түшүндүрүп турат.

Кимден жагымсыз жыт келип, андан адамдар зыян тартып турса, анда ага жуунуу важиб болот.

Жуунуу үчүн эң жакшы күн – бул жума күнү, жума күнү пазилеттүү болгону үчүн.

التصنيفات

Гусул - жуунуу, Rulings of the Ritual Bath