Чындыгында, биз менен алардын ортосундагы келишим намаз, ким аны таштаса, каапыр болот

Чындыгында, биз менен алардын ортосундагы келишим намаз, ким аны таштаса, каапыр болот

Бурайда (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Чындыгында, биз менен алардын ортосундагы келишим намаз, ким аны таштаса, каапыр болот".

[Сахих (ишенимдүү)] [Ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандар менен каапырлар жана мунафыктар ортосундагы келишим намаз экенин жана ким аны таштаса, каапыр болоорун баяндады.

فوائد الحديث

Намаздын мааниси чоң. Чындыгында, намаз ыймандуу менен каапырды айырмалап турат.

Ислам өкүмдөрү адамдын ички дүйнөсүнө эмес сырткы абалына карап бекитилет.

التصنيفات

Исламды бузуучу иштер, Каапырлык, Намаздын милдеттүүлүгү жана намаз окубай коюунун өкүмү